Сүрө 6 Анъам, аят 83 – 86
-
وَتِلْكَ حُجَّتُنَا آتَيْنَاهَا إِبْرَاهِيمَ عَلَىٰ قَوْمِهِ ۚ نَرْفَعُ دَرَجَاتٍ مَنْ نَشَاءُ ۗ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌ
(Мушрик болгон) коомунан жогору (келүү үчүн) Биз Ибрахимге берген далилдер – ушулар. Биз каалаган пендебиздин даражасын көтөрөбүз. Акыйкатта, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.
6:83 -
وَوَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ ۚ كُلًّا هَدَيْنَا ۚ وَنُوحًا هَدَيْنَا مِنْ قَبْلُ ۖ وَمِنْ ذُرِّيَّتِهِ دَاوُودَ وَسُلَيْمَانَ وَأَيُّوبَ وَيُوسُفَ وَمُوسَىٰ وَهَارُونَ ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ
Биз ага (Ибрахимге) Исхак менен (анын уулу) Яькубду тартууладык. Биз ал экөөнү тең туура жолго баштаганбыз жана (алардан) мурун Биз Нухту туура жолго багыттадык. Дагы анын урпактарынан Даудду, Сулайманды, Айюбду, Юсуфту, Мусаны жана Харунду (туура жолго багыттаганбыз). Жакшылык кылуучу адамдарды Биз ушинтип сыйлайбыз.
6:84 -
وَزَكَرِيَّا وَيَحْيَىٰ وَعِيسَىٰ وَإِلْيَاسَ ۖ كُلٌّ مِنَ الصَّالِحِينَ
Ошондой эле Закария, Яхия, Иса, Илясты (дагы туура жолго баштадык) бардыгы салих (жакшы, такыба) адамдардан эле.
6:85 -
وَإِسْمَاعِيلَ وَالْيَسَعَ وَيُونُسَ وَلُوطًا ۚ وَكُلًّا فَضَّلْنَا عَلَى الْعَالَمِينَ
Ошондой эле Исмаил, Ал-Ясаь, Юнус, Лутту да (туура жолго багыттадык) жана баарын ааламдардан абзел-артыкча кылдык.
6:86
Котормо: Шамсуддин Хакимов