Сүрө 6 Анъам, аят 33 – 34

  1. قَدْ نَعْلَمُ إِنَّهُ لَيَحْزُنُكَ الَّذِي يَقُولُونَ ۖ فَإِنَّهُمْ لَا يُكَذِّبُونَكَ وَلَٰكِنَّ الظَّالِمِينَ بِآيَاتِ اللَّهِ يَجْحَدُونَ

    (О, Мухаммад!) Алардын сөздөрү сени капа кылганын көрүп турабыз. Алар сени гана “жалганчы” дешкен жок. Бирок залымдар Аллахтын аяттарын дагы четке кагып жатышат.

    6:33
  2. وَلَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِكَ فَصَبَرُوا عَلَىٰ مَا كُذِّبُوا وَأُوذُوا حَتَّىٰ أَتَاهُمْ نَصْرُنَا ۚ وَلَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَاتِ اللَّهِ ۚ وَلَقَدْ جَاءَكَ مِنْ نَبَإِ الْمُرْسَلِينَ

    Сенден мурунку пайгамбарларга деле “жалганчы” деген жалаа жабылган жана алар бул жалаа-залымдыктарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Аллахтын (Курандагы) сөздөрүн эч ким башкасына алмаштыра албайт. Сага мурдагы пайгамбарлардын кабары келди го.

    6:34

Котормо: Шамсуддин Хакимов