Сүрө 69 Хакка, аят 41 – 46
-
وَمَا هُوَ بِقَوْلِ شَاعِرٍ ۚ قَلِيلًا مَا تُؤْمِنُونَ
Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар!
69:41 -
وَلَا بِقَوْلِ كَاهِنٍ ۚ قَلِيلًا مَا تَذَكَّرُونَ
Ал бакшы-көзү ачыктын да сөзү эмес! (Аллахты) өтө аз эскерип жатасыңар!
69:42 -
تَنْزِيلٌ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.
69:43 -
وَلَوْ تَقَوَّلَ عَلَيْنَا بَعْضَ الْأَقَاوِيلِ
Эгер ал (Мухаммад) (Курандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул – Аллахтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо,
69:44 -
لَأَخَذْنَا مِنْهُ بِالْيَمِينِ
Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз.
69:45 -
ثُمَّ لَقَطَعْنَا مِنْهُ الْوَتِينَ
Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз!
69:46
Котормо: Шамсуддин Хакимов