Сүрө 66 Тахрим, аят 11 – 12

  1. وَضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا لِلَّذِينَ آمَنُوا امْرَأَتَ فِرْعَوْنَ إِذْ قَالَتْ رَبِّ ابْنِ لِي عِنْدَكَ بَيْتًا فِي الْجَنَّةِ وَنَجِّنِي مِنْ فِرْعَوْنَ وَعَمَلِهِ وَنَجِّنِي مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

    Аллах ыймандуулар үчүн Фараондун аялын (үлгү катары) мисал келтирди. Бир кезде ал (дуба кылып): «Оо, Раббим! Мага Өзүңдүн алдыңда – бейиште бир үй тургузуп бер жана мени Фараон менен анын амалынан куткар! Мени залым адамдардан сакта!» деди.

    66:11
  2. وَمَرْيَمَ ابْنَتَ عِمْرَانَ الَّتِي أَحْصَنَتْ فَرْجَهَا فَنَفَخْنَا فِيهِ مِنْ رُوحِنَا وَصَدَّقَتْ بِكَلِمَاتِ رَبِّهَا وَكُتُبِهِ وَكَانَتْ مِنَ الْقَانِتِينَ

    (Жана Аллах) Имрандын кызы Марямды дагы (мисал-үлгү кылды). Ал абийирин сактаган кыз болчу. Кийин Биз ага (Жебрейил периштени жиберип) Өз Рухубуздан үйлөдүк. Ал Раббисинин Сөзүн жана Китебин тастыктады жана моюн сунуучулардан болду.

    66:12

Котормо: Шамсуддин Хакимов