Сүрө 62 Жума, аят 9 – 11
-
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَاةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَىٰ ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ ۚ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллахты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин) токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер.
62:9 -
فَإِذَا قُضِيَتِ الصَّلَاةُ فَانْتَشِرُوا فِي الْأَرْضِ وَابْتَغُوا مِنْ فَضْلِ اللَّهِ وَاذْكُرُوا اللَّهَ كَثِيرًا لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
Ал эми, намаз бүткөндө Аллахтын ырыскыларын издеп, жер бетине жайылгыла жана Аллахты көп эстегиле. (Ошондо) жеңишке (бейишке) жетээрсиңер!
62:10 -
وَإِذَا رَأَوْا تِجَارَةً أَوْ لَهْوًا انْفَضُّوا إِلَيْهَا وَتَرَكُوكَ قَائِمًا ۚ قُلْ مَا عِنْدَ اللَّهِ خَيْرٌ مِنَ اللَّهْوِ وَمِنَ التِّجَارَةِ ۚ وَاللَّهُ خَيْرُ الرَّازِقِينَ
Алар (кээ бир мусулмандар) сооданы жана оюн-тамашаны көргөндө ошого чуркап кетишти. Сени болсо, (мечиттин минбарында) турганың бойдон калтырышты. Сен айткын: «Аллахтын алдындагы сооп соодадан жана оюн-тамашадан жакшы. Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү.
62:11
Котормо: Шамсуддин Хакимов