Сүрө 5 Маида, аят 95 – 97
-
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَقْتُلُوا الصَّيْدَ وَأَنْتُمْ حُرُمٌ ۚ وَمَنْ قَتَلَهُ مِنْكُمْ مُتَعَمِّدًا فَجَزَاءٌ مِثْلُ مَا قَتَلَ مِنَ النَّعَمِ يَحْكُمُ بِهِ ذَوَا عَدْلٍ مِنْكُمْ هَدْيًا بَالِغَ الْكَعْبَةِ أَوْ كَفَّارَةٌ طَعَامُ مَسَاكِينَ أَوْ عَدْلُ ذَٰلِكَ صِيَامًا لِيَذُوقَ وَبَالَ أَمْرِهِ ۗ عَفَا اللَّهُ عَمَّا سَلَفَ ۚ وَمَنْ عَادَ فَيَنْتَقِمُ اللَّهُ مِنْهُ ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ
О, ыйман келтиргендер! Ихрамда турганыңарда аңчылык кылбагыла! Кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек катарында тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адилеттүү киши калыс өкүмдарлык кылат. Же болбосо (экинчи жазасы) - жакыр-кедейлерди тамактандыруу же ушуга тең орозо кармап берүү, кылмышынын жазасын тартышы үчүн. Аллах өткөн ишти кечирди. Ал эми, ким (арам ишке) кайтса, Аллах андан өч алат. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу.
5:95 -
أُحِلَّ لَكُمْ صَيْدُ الْبَحْرِ وَطَعَامُهُ مَتَاعًا لَكُمْ وَلِلسَّيَّارَةِ ۖ وَحُرِّمَ عَلَيْكُمْ صَيْدُ الْبَرِّ مَا دُمْتُمْ حُرُمًا ۗ وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ
Силерге деңиздин олжосу жана (өлүп, жээкке чыгып калган) тамагы (ихрамда болсоңор да) адал кылынды, силерге жана башка мусапырларга пайда болсун үчүн. Бирок, ихрамда турганыңарда, силер үчүн кургактыкта аң уулоо арам. (Кыяматта) Анын алдына чогула турган Аллахтан корккула!
5:96 -
جَعَلَ اللَّهُ الْكَعْبَةَ الْبَيْتَ الْحَرَامَ قِيَامًا لِلنَّاسِ وَالشَّهْرَ الْحَرَامَ وَالْهَدْيَ وَالْقَلَائِدَ ۚ ذَٰلِكَ لِتَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَأَنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Аллах Каабаны – Байт аль-Харамды, согуш арам кылынган айларды, Аллахка арналган белек-жандыктарды жана (ал жандыктардын мойнуна асып коюлган) мончокторду адамдар үчүн тууралыктын негизи кылып койду. Бул (нерсе) Аллах асмандар жана жердеги нерселерди билерин аңдооңор үчүн. Аллах ар бир нерсени Билүүчү!
5:97
Котормо: Шамсуддин Хакимов