Сүрө 5 Маида, аят 27 – 31

  1. وَاتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ ابْنَيْ آدَمَ بِالْحَقِّ إِذْ قَرَّبَا قُرْبَانًا فَتُقُبِّلَ مِنْ أَحَدِهِمَا وَلَمْ يُتَقَبَّلْ مِنَ الْآخَرِ قَالَ لَأَقْتُلَنَّكَ ۖ قَالَ إِنَّمَا يَتَقَبَّلُ اللَّهُ مِنَ الْمُتَّقِينَ

    Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер: Бир кезде экөөсү (Аллахты ыраазы кылуу үчүн, кол астындагы нерселеринен) курмандык кылып, ал курмандыктар биринен кабыл болуп, экинчисинен кабыл болбой калды. Ал (курмандыгы кабыл болбогон бала) айтты: “Мен сени өлтүрөмүн!”. (Экинчиси) айтты: «Аллах такыба кишилердин гана курмандыгын кабыл алат.

    5:27
  2. لَئِنْ بَسَطْتَ إِلَيَّ يَدَكَ لِتَقْتُلَنِي مَا أَنَا بِبَاسِطٍ يَدِيَ إِلَيْكَ لِأَقْتُلَكَ ۖ إِنِّي أَخَافُ اللَّهَ رَبَّ الْعَالَمِينَ

    Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол сунбаймын. Мен Ааламдардын Раббисинен коркомун.

    5:28
  3. إِنِّي أُرِيدُ أَنْ تَبُوءَ بِإِثْمِي وَإِثْمِكَ فَتَكُونَ مِنْ أَصْحَابِ النَّارِ ۚ وَذَٰلِكَ جَزَاءُ الظَّالِمِينَ

    Менин жана өзүңдүн күнөөң менен кайтып, (Акыретте) тозок “ээлеринен” болуп калышыңды мен каалаймын. Залымдардын жазасы - ушул!»

    5:29
  4. فَطَوَّعَتْ لَهُ نَفْسُهُ قَتْلَ أَخِيهِ فَقَتَلَهُ فَأَصْبَحَ مِنَ الْخَاسِرِينَ

    Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүрдү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал (эки дүйнөсү) күйгөн адамдардан болуп калды.

    5:30
  5. فَبَعَثَ اللَّهُ غُرَابًا يَبْحَثُ فِي الْأَرْضِ لِيُرِيَهُ كَيْفَ يُوَارِي سَوْءَةَ أَخِيهِ ۚ قَالَ يَا وَيْلَتَا أَعَجَزْتُ أَنْ أَكُونَ مِثْلَ هَٰذَا الْغُرَابِ فَأُوَارِيَ سَوْءَةَ أَخِي ۖ فَأَصْبَحَ مِنَ النَّادِمِينَ

    Аллах ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. (Залым баланын көз алдында эки карга тытышып, бири өлүп калат. Өлтүргөн карга дароо тырмагы менен жер чукуп, шеригин көмөт. Ошондо) ал: «Оо, шорум курусун!» Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргачалык көмө албадымбы?” - деп кайгыруучулардан болду.

    5:31

Котормо: Шамсуддин Хакимов