Сүрө 5 Маида, аят 20 – 26

  1. وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ اذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ جَعَلَ فِيكُمْ أَنْبِيَاءَ وَجَعَلَكُمْ مُلُوكًا وَآتَاكُمْ مَا لَمْ يُؤْتِ أَحَدًا مِنَ الْعَالَمِينَ

    Бир кезде Муса коомуна (мындай) деди: “О, коомум! Аллахтын силерге берген жакшылыктарын эстегиле! Бир кездерде Аллах силердин араңардан пайгамбарларды, падышаларды чыгарды жана силерге ааламда эч кимге бербеген жакшылыктарды берди.

    5:20
  2. يَا قَوْمِ ادْخُلُوا الْأَرْضَ الْمُقَدَّسَةَ الَّتِي كَتَبَ اللَّهُ لَكُمْ وَلَا تَرْتَدُّوا عَلَىٰ أَدْبَارِكُمْ فَتَنْقَلِبُوا خَاسِرِينَ

    О, коомум! Аллах силерге (кирүүнү) парз кылган (мына бул) Ыйык Жерге киргиле жана (коркоктук кылып) артыңарга кайтпагыла, зыян тартуучулардан болуп каласыңар».

    5:21
  3. قَالُوا يَا مُوسَىٰ إِنَّ فِيهَا قَوْمًا جَبَّارِينَ وَإِنَّا لَنْ نَدْخُلَهَا حَتَّىٰ يَخْرُجُوا مِنْهَا فَإِنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا فَإِنَّا دَاخِلُونَ

    Алар айтышты: “Оо, Муса”, анда күчтүү, кайраттуу адамдар бар экен. Ошолор чыгып кетмейинче, биз ал жерге кире албайбыз. Эгер алар өздөрү чыгып кетишсе, анан биз киребиз”.

    5:22
  4. قَالَ رَجُلَانِ مِنَ الَّذِينَ يَخَافُونَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمَا ادْخُلُوا عَلَيْهِمُ الْبَابَ فَإِذَا دَخَلْتُمُوهُ فَإِنَّكُمْ غَالِبُونَ ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَتَوَكَّلُوا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

    (Ошондо) Аллахтан корккон, Аллах аларга (сабырдуулукту, эр жүрөктүүлүктү) белек кылып берген эки адам айтты: “Алардын үстүнө эшиктен кирип баргыла. Кирип эле алсаңар, силер жеңүүчү болосуңар эгер момун болсоңор, Аллахка гана тобокел кылгыла”.

    5:23
  5. قَالُوا يَا مُوسَىٰ إِنَّا لَنْ نَدْخُلَهَا أَبَدًا مَا دَامُوا فِيهَا ۖ فَاذْهَبْ أَنْتَ وَرَبُّكَ فَقَاتِلَا إِنَّا هَاهُنَا قَاعِدُونَ

    Айтышты: «О, Муса, алар (күчтүү адамдар) шаар ичинде турса, биз эч качан кирбейбиз! Бара бер, өзүң, Раббиң экөөң согуша бергиле! Биз ушул жерде отурабыз!»

    5:24
  6. قَالَ رَبِّ إِنِّي لَا أَمْلِكُ إِلَّا نَفْسِي وَأَخِي ۖ فَافْرُقْ بَيْنَنَا وَبَيْنَ الْقَوْمِ الْفَاسِقِينَ

    (Муса) айтты: «О, Раббим! Мен өзүм менен бир тууганым (Харун)дан башка эч кимге ээ боло албай калыптырмын! Эми, биз менен бул бузулган коомдун арасын ажыратып, (аларды күнөөсүнө жараша) жазала!»

    5:25
  7. قَالَ فَإِنَّهَا مُحَرَّمَةٌ عَلَيْهِمْ ۛ أَرْبَعِينَ سَنَةً ۛ يَتِيهُونَ فِي الْأَرْضِ ۚ فَلَا تَأْسَ عَلَى الْقَوْمِ الْفَاسِقِينَ

    Аллах (пайгамбарынын дубасын кабыл кылып, мындай) деди: «Эми, аларга (бул шаарга кирүү) арам! Алар жер жүзүндө кырк жыл адашып-тентип жүрүшөт! Сен бул бузулган коом үчүн кыжалат болбо!»

    5:26

Котормо: Шамсуддин Хакимов