Сүрө 5 Маида, аят 2 – 3
-
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُحِلُّوا شَعَائِرَ اللَّهِ وَلَا الشَّهْرَ الْحَرَامَ وَلَا الْهَدْيَ وَلَا الْقَلَائِدَ وَلَا آمِّينَ الْبَيْتَ الْحَرَامَ يَبْتَغُونَ فَضْلًا مِنْ رَبِّهِمْ وَرِضْوَانًا ۚ وَإِذَا حَلَلْتُمْ فَاصْطَادُوا ۚ وَلَا يَجْرِمَنَّكُمْ شَنَآنُ قَوْمٍ أَنْ صَدُّوكُمْ عَنِ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ أَنْ تَعْتَدُوا ۘ وَتَعَاوَنُوا عَلَى الْبِرِّ وَالتَّقْوَىٰ ۖ وَلَا تَعَاوَنُوا عَلَى الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۖ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
О, ыйман келтиргендер! Аллах арам кылган нерселерди, “шахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллахка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып туруусу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокторду (үзүүнү) жана Раббисинин артыкчылык, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, ихрамдан чыккан соң аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүүңөр, аларды Масжид - Ал-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыба иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душмандык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу!
5:2 -
حُرِّمَتْ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةُ وَالدَّمُ وَلَحْمُ الْخِنْزِيرِ وَمَا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللَّهِ بِهِ وَالْمُنْخَنِقَةُ وَالْمَوْقُوذَةُ وَالْمُتَرَدِّيَةُ وَالنَّطِيحَةُ وَمَا أَكَلَ السَّبُعُ إِلَّا مَا ذَكَّيْتُمْ وَمَا ذُبِحَ عَلَى النُّصُبِ وَأَنْ تَسْتَقْسِمُوا بِالْأَزْلَامِ ۚ ذَٰلِكُمْ فِسْقٌ ۗ الْيَوْمَ يَئِسَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ دِينِكُمْ فَلَا تَخْشَوْهُمْ وَاخْشَوْنِ ۚ الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِينًا ۚ فَمَنِ اضْطُرَّ فِي مَخْمَصَةٍ غَيْرَ مُتَجَانِفٍ لِإِثْمٍ ۙ فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздаганда бүркүп чыккан) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллахтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес. Дагы буттарга (мазарларга) арнап союлган жандыктын эти жана «азлам» менен төлгө салууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллах арам кылганды жасооңор) – бузукулук. Мына бүгүн (Мекке силердин колуңарга өткөндөн кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жегенге мажбур болсо, Аллах Кечиримдүү, Ыйрамдуу.
5:3
Котормо: Шамсуддин Хакимов