Сүрө 5 Маида, аят 112 – 115

  1. إِذْ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ يَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ هَلْ يَسْتَطِيعُ رَبُّكَ أَنْ يُنَزِّلَ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِنَ السَّمَاءِ ۖ قَالَ اتَّقُوا اللَّهَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

    Дагы бир кезде шакирттер айтышты: “О, Мариямдын уулу Иса! Раббиң бизге асмандан (ичинде тамак-ашы менен) дасторкон түшүрүп бере алабы?” (Иса) айтты: “Эгерде ыймандуу болсоңор Аллахтан корккула!”

    5:112
  2. قَالُوا نُرِيدُ أَنْ نَأْكُلَ مِنْهَا وَتَطْمَئِنَّ قُلُوبُنَا وَنَعْلَمَ أَنْ قَدْ صَدَقْتَنَا وَنَكُونَ عَلَيْهَا مِنَ الشَّاهِدِينَ

    Алар айтышты: “Биз (шек келтиргенибиз жок, болгону) андан жеп, жүрөктөрүбүз канааттансын дедик жана сен бизге туура сүйлөгөнүңдү билип, ага (дасторконго) күбө болууну гана кааладык”.

    5:113
  3. قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ اللَّهُمَّ رَبَّنَا أَنْزِلْ عَلَيْنَا مَائِدَةً مِنَ السَّمَاءِ تَكُونُ لَنَا عِيدًا لِأَوَّلِنَا وَآخِرِنَا وَآيَةً مِنْكَ ۖ وَارْزُقْنَا وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ

    Мариямдын уулу Иса айтты: “О, Раббибиз! Бизге асмандан дасторкон түшүр! Ал бизге: абалкыларыбызга да, акыркыларыбызга да майрам жана Сенден бир мужиза-керемет болуп калаар! Бизге ырыскы бере көр! Өзүң эң жакшы ырыскы берүүчүсүң!”

    5:114
  4. قَالَ اللَّهُ إِنِّي مُنَزِّلُهَا عَلَيْكُمْ ۖ فَمَنْ يَكْفُرْ بَعْدُ مِنْكُمْ فَإِنِّي أُعَذِّبُهُ عَذَابًا لَا أُعَذِّبُهُ أَحَدًا مِنَ الْعَالَمِينَ

    Аллах айтты: “Мен аны силерге түшүрөмүн. Бирок, андан кийин ким каапыр болсо, Мен аны, ааламда эч кимди азаптабаган азап менен азаптаймын!

    5:115

Котормо: Шамсуддин Хакимов