Сүрө 53 Нажм, аят 19 – 23
-
أَفَرَأَيْتُمُ اللَّاتَ وَالْعُزَّىٰ
«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы?
53:19 -
وَمَنَاةَ الثَّالِثَةَ الْأُخْرَىٰ
«Манатка» дагы, алардын үчүнчүсү.
53:20 -
أَلَكُمُ الذَّكَرُ وَلَهُ الْأُنْثَىٰ
Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи?!
53:21 -
تِلْكَ إِذًا قِسْمَةٌ ضِيزَىٰ
Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката!
53:22 -
إِنْ هِيَ إِلَّا أَسْمَاءٌ سَمَّيْتُمُوهَا أَنْتُمْ وَآبَاؤُكُمْ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ بِهَا مِنْ سُلْطَانٍ ۚ إِنْ يَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ وَمَا تَهْوَى الْأَنْفُسُ ۖ وَلَقَدْ جَاءَهُمْ مِنْ رَبِّهِمُ الْهُدَىٰ
Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллах аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан туура жол келген болчу.
53:23
Котормо: Шамсуддин Хакимов