Сүрө 53 Нажм, аят 12 – 18
-
أَفَتُمَارُونَهُ عَلَىٰ مَا يَرَىٰ
(Эй, мушриктер!) Силер ал (Мухаммад) менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы?
53:12 -
وَلَقَدْ رَآهُ نَزْلَةً أُخْرَىٰ
(Мухаммад) аны (Жебрейилди) экинчи ирет дагы көрдү.
53:13 -
عِنْدَ سِدْرَةِ الْمُنْتَهَىٰ
«Сидратул мунтахаанын» алдында.
53:14 -
عِنْدَهَا جَنَّةُ الْمَأْوَىٰ
«Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында.
53:15 -
إِذْ يَغْشَى السِّدْرَةَ مَا يَغْشَىٰ
Капыстан (Аллахтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды.
53:16 -
مَا زَاغَ الْبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ
(Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди.
53:17 -
لَقَدْ رَأَىٰ مِنْ آيَاتِ رَبِّهِ الْكُبْرَىٰ
Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү.
53:18
Котормо: Шамсуддин Хакимов