Сүрө 39 Зумар

  1. وَيُنَجِّي اللَّهُ الَّذِينَ اتَّقَوْا بِمَفَازَتِهِمْ لَا يَمَسُّهُمُ السُّوءُ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

    Аллах такыба кишилерди (Куран менен жашап) жеңишке жеткендеринен улам (тозоктон) куткарат. Аларды (эч бир) жамандык кармабайт жана алар кайгыга да батышпайт.

    39:61
  2. اللَّهُ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ وَكِيلٌ

    Аллах – бардык нерселердин Жаратуучусу! Ал – бардык нерсенин Коргоочу-Сактоочусу!

    39:62
  3. لَهُ مَقَالِيدُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ أُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ

    Асмандар менен жердин ачкычтары Ага таандык! Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар гана анык зыян тартуучулар!

    39:63
  4. قُلْ أَفَغَيْرَ اللَّهِ تَأْمُرُونِّي أَعْبُدُ أَيُّهَا الْجَاهِلُونَ

    Айт: «Эй, наадандар! Силер мени Аллахтан башкага ибадат кылууга буюрасыңарбы?!»

    39:64
  5. وَلَقَدْ أُوحِيَ إِلَيْكَ وَإِلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكَ لَئِنْ أَشْرَكْتَ لَيَحْبَطَنَّ عَمَلُكَ وَلَتَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ

    Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!» – деп вахий кылынды.

    39:65
  6. بَلِ اللَّهَ فَاعْبُدْ وَكُنْ مِنَ الشَّاكِرِينَ

    Жок! Сен Аллахтын Өзүнө гана ибадат кыл жана шүгүр кылуучулардан бол!

    39:66
  7. وَمَا قَدَرُوا اللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِ وَالْأَرْضُ جَمِيعًا قَبْضَتُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَالسَّمَاوَاتُ مَطْوِيَّاتٌ بِيَمِينِهِ ۚ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ

    «Алар Аллахты акыйкат баалай алышпады. (Акыйкат баа боюнча) жердин бардыгы Кыямат күндө Анын Өз Чеңгелинде, Жана асмандар Анын Колунда түрмөктөлгөн болот! Ал мушриктердин ширк амалдарынан (жана пикирлеринен) Таза жана Бийик!»

    39:67
  8. وَنُفِخَ فِي الصُّورِ فَصَعِقَ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ إِلَّا مَنْ شَاءَ اللَّهُ ۖ ثُمَّ نُفِخَ فِيهِ أُخْرَىٰ فَإِذَا هُمْ قِيَامٌ يَنْظُرُونَ

    (Ал Күнү) Сур (кернейи) тартылды. Натыйжада асмандарда жана жерде жашагандардын, Аллах каалагандан башка бардыгы мүрт кетти. Кийин экинчи ирет тартылды. Капыстан алар (тирилип, көздөрү алаңдаган, Акырет коркунучтарына) караган бойдон туруп калышат.

    39:68
  9. وَأَشْرَقَتِ الْأَرْضُ بِنُورِ رَبِّهَا وَوُضِعَ الْكِتَابُ وَجِيءَ بِالنَّبِيِّينَ وَالشُّهَدَاءِ وَقُضِيَ بَيْنَهُمْ بِالْحَقِّ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

    Жер Өз Раббисинин Нуру менен жаркын болду, (пенделердин бардык иштери жазылган) Китеп(тер ар биринин алдына) коюлду жана пайгамбарлар менен (башка) күбөлөр алып келинди. Жана алардын (бардык элдердин) ортосунда акыйкат менен өкүм кылынды. Алар(дан эч бирине) зулум кылынбайт.

    39:69
  10. وَوُفِّيَتْ كُلُّ نَفْسٍ مَا عَمِلَتْ وَهُوَ أَعْلَمُ بِمَا يَفْعَلُونَ

    Ар бир жанга өзүнүн жасаганы(на жарашасы) гана толук берилди. Ал алар жасаган иштерди эң жакшы Билүүчү.

    39:70
  11. وَسِيقَ الَّذِينَ كَفَرُوا إِلَىٰ جَهَنَّمَ زُمَرًا ۖ حَتَّىٰ إِذَا جَاءُوهَا فُتِحَتْ أَبْوَابُهَا وَقَالَ لَهُمْ خَزَنَتُهَا أَلَمْ يَأْتِكُمْ رُسُلٌ مِنْكُمْ يَتْلُونَ عَلَيْكُمْ آيَاتِ رَبِّكُمْ وَيُنْذِرُونَكُمْ لِقَاءَ يَوْمِكُمْ هَٰذَا ۚ قَالُوا بَلَىٰ وَلَٰكِنْ حَقَّتْ كَلِمَةُ الْعَذَابِ عَلَى الْكَافِرِينَ

    (Анан) каапыр болгон адамдар тобу менен тозокко айдалды. Качан ага келишкенде, эшиктери ачылып, тозок корукчулары «Силерге өзүңөрдүн араңардан, ушул күнүңөргө жолугууну эскерткен жана Раббиңердин аяттарын окуп берген пайгамбарлар келбеди беле?» – дешет. «Ооба, келген дешет алар – бирок, азап сөзү (өкүмү) каапырларга акыйкат (жаза) болду».

    39:71
  12. قِيلَ ادْخُلُوا أَبْوَابَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا ۖ فَبِئْسَ مَثْوَى الْمُتَكَبِّرِينَ

    (Аларга) айтылды: «Түбөлүк кала турган тозок эшиктерине киргиле! Текебер адамдардын орду кандай жаман!

    39:72
  13. وَسِيقَ الَّذِينَ اتَّقَوْا رَبَّهُمْ إِلَى الْجَنَّةِ زُمَرًا ۖ حَتَّىٰ إِذَا جَاءُوهَا وَفُتِحَتْ أَبْوَابُهَا وَقَالَ لَهُمْ خَزَنَتُهَا سَلَامٌ عَلَيْكُمْ طِبْتُمْ فَادْخُلُوهَا خَالِدِينَ

    Ал эми, Раббисинен корккон (такыба) адамдар тобу менен бейишке алып барылды. Качан бейишке жетип, эшиктери ачылганда, анын корукчулары айтты: «Силерге (Аллахтан) салам болсун! Кош келиңиздер! Эми бейишке түбөлүк жашоочу болуп киргиле!»

    39:73
  14. وَقَالُوا الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي صَدَقَنَا وَعْدَهُ وَأَوْرَثَنَا الْأَرْضَ نَتَبَوَّأُ مِنَ الْجَنَّةِ حَيْثُ نَشَاءُ ۖ فَنِعْمَ أَجْرُ الْعَامِلِينَ

    (Такыбалар) айтышты: «Убадасын чындап аткарган жана бизге ушул жерди (түбөлүк) мураска берген Аллахка мактоолор болсун! Биз бейиштен каалаган орундарга түшөбүз! (Жакшы) амал кылуучулардын сыйлыгы кандай сонун!»

    39:74
  15. وَتَرَى الْمَلَائِكَةَ حَافِّينَ مِنْ حَوْلِ الْعَرْشِ يُسَبِّحُونَ بِحَمْدِ رَبِّهِمْ ۖ وَقُضِيَ بَيْنَهُمْ بِالْحَقِّ وَقِيلَ الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

    Жана сен периштелерди Раббисине мактоо-тасбихтерди айтып, Арштын айланасында турганын көрөсүң. (Ал Күнү) алардын (бардык пенделердин) арасында акыйкаттык менен өкүм кылынды жана «Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун» деп айтылды!

    39:75

Котормо: Шамсуддин Хакимов