Сүрө 38 Сод

  1. وَاذْكُرْ عَبْدَنَا أَيُّوبَ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُ أَنِّي مَسَّنِيَ الشَّيْطَانُ بِنُصْبٍ وَعَذَابٍ

    (Оо, Мухаммад, сен ушул Китепте) Биздин пендебиз Аюбду да эстегин. Бир кезде ал Раббисине: «Мага шайтан азап-машакат жеткирди!» деп жалбарды.

    38:41
  2. ارْكُضْ بِرِجْلِكَ ۖ هَٰذَا مُغْتَسَلٌ بَارِدٌ وَشَرَابٌ

    «Бутуң менен жерди тепкиниң. Бул (сен үчүн) жууна турган жана иче турган муздак суу» (деди Аллах).

    38:42
  3. وَوَهَبْنَا لَهُ أَهْلَهُ وَمِثْلَهُمْ مَعَهُمْ رَحْمَةً مِنَّا وَذِكْرَىٰ لِأُولِي الْأَلْبَابِ

    Биз ага Өзүбүз тараптан мээрим иретинде жана (тээ Кыяматка чейинки) акылдууларга сабак болсун деп үй-бүлөсүн дагы ошончо кошумчасы менен кайтарып бердик.

    38:43
  4. وَخُذْ بِيَدِكَ ضِغْثًا فَاضْرِبْ بِهِ وَلَا تَحْنَثْ ۗ إِنَّا وَجَدْنَاهُ صَابِرًا ۚ نِعْمَ الْعَبْدُ ۖ إِنَّهُ أَوَّابٌ

    (Оо, Аюб!) Колуңа бир боо (чыбык) ал дагы (аялыңды) ошону менен саба! Антыңды бузба! Чынында, Биз анын сабырдуулугун көрдүк. Ал (Аюб) эң мыкты пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген!

    38:44
  5. وَاذْكُرْ عِبَادَنَا إِبْرَاهِيمَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ أُولِي الْأَيْدِي وَالْأَبْصَارِ

    Сен (оо, Мухаммад!) Биздин пенделерибиз, (дин ишинде) кайраттуу жана акылы зирек болгон Ибрахим, Исхак жана Яькубдарды да эстегин.

    38:45
  6. إِنَّا أَخْلَصْنَاهُمْ بِخَالِصَةٍ ذِكْرَى الدَّارِ

    Биз аларды (өзгөчө бир) касиет – Акыретти эстөө менен ыкластуу кылдык.

    38:46
  7. وَإِنَّهُمْ عِنْدَنَا لَمِنَ الْمُصْطَفَيْنَ الْأَخْيَارِ

    Ырасында, алар Биздин алдыбызда тандап алынган жакшы адамдардан.

    38:47
  8. وَاذْكُرْ إِسْمَاعِيلَ وَالْيَسَعَ وَذَا الْكِفْلِ ۖ وَكُلٌّ مِنَ الْأَخْيَارِ

    Жана (бул китепте) Исмаилди, Аль-Ясаъны, жана Зулкифлдерди да эстегин. Бардыгы жакшы пенделер.

    38:48
  9. هَٰذَا ذِكْرٌ ۚ وَإِنَّ لِلْمُتَّقِينَ لَحُسْنَ مَآبٍ

    Ушул – (пайгамбарлардын) баяны. Ал эми, такыбалуу кишилерге жакшы акыбет бар.

    38:49
  10. جَنَّاتِ عَدْنٍ مُفَتَّحَةً لَهُمُ الْأَبْوَابُ

    (жана) «адн» бейиштери дагы бар. Аларга (ысымы аталган пайгамбарларга) эшиктери (дайым) ачылуу.

    38:50
  11. مُتَّكِئِينَ فِيهَا يَدْعُونَ فِيهَا بِفَاكِهَةٍ كَثِيرَةٍ وَشَرَابٍ

    Алар бейиште(ги сөрүлөрдө) жамбаштап жатышып, көп мөмө-жемиштерди ичимдик-суусундуктарды чакырышат.

    38:51
  12. وَعِنْدَهُمْ قَاصِرَاتُ الطَّرْفِ أَتْرَابٌ

    Алардын алдында жалаң бир курактагы, (өз жубайынан башкага) көз артпаган селкилер (кызматта) болушат.

    38:52
  13. هَٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِيَوْمِ الْحِسَابِ

    Силерге Эсеп Күнү үчүн убада кылынган нерселер – ушул.

    38:53
  14. إِنَّ هَٰذَا لَرِزْقُنَا مَا لَهُ مِنْ نَفَادٍ

    Бул – биздин түгөнгүс ырыскыларыбыз.

    38:54
  15. هَٰذَا ۚ وَإِنَّ لِلطَّاغِينَ لَشَرَّ مَآبٍ

    Ушул (сыйлыктар такыба кишилерге арналган) Ал эми, күнөөкөрлөр үчүн жаман акыбет бар.

    38:55
  16. جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا فَبِئْسَ الْمِهَادُ

    Алар тозокко ташталат. Ал кандай жаман орун!

    38:56
  17. هَٰذَا فَلْيَذُوقُوهُ حَمِيمٌ وَغَسَّاقٌ

    (Эй, тозоктогулар!) Мына бул кайнак суу жана ириң! Анын «даамын» таткыла!

    38:57
  18. وَآخَرُ مِنْ شَكْلِهِ أَزْوَاجٌ

    Жана башка ушул сыяктуу ар түркүн (азаптар) бар! (Кийинки аяттарда тозокко киргизилип жаткан тозокулар бири-бирин айыпташат. Эң оболу азгыруучу-башчылар кирет. Алар өздөрүнүн артынан топурап келе жаткан жана дүйнөдө өздөрү азгырган адамдардын тобун бири-бирине көргөзүп мындай дешет:)

    38:58
  19. هَٰذَا فَوْجٌ مُقْتَحِمٌ مَعَكُمْ ۖ لَا مَرْحَبًا بِهِمْ ۚ إِنَّهُمْ صَالُو النَّارِ

    «Мына бул (топураган) топ дагы силер менен киргендер. Буларга амандык жок! Алар тозокко ташталат!»

    38:59
  20. قَالُوا بَلْ أَنْتُمْ لَا مَرْحَبًا بِكُمْ ۖ أَنْتُمْ قَدَّمْتُمُوهُ لَنَا ۖ فَبِئْسَ الْقَرَارُ

    «Өзүңөргө амандык жок! – дешет (беркилер) – бизди бул жерге силер алып келдиңер! Бул эмне деген жаман орун!

    38:60

Котормо: Шамсуддин Хакимов