Сүрө 35 Фаатыр, аят 13 – 14
-
يُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَيُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ كُلٌّ يَجْرِي لِأَجَلٍ مُسَمًّى ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ الْمُلْكُ ۚ وَالَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ مَا يَمْلِكُونَ مِنْ قِطْمِيرٍ
(Аллах) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Жана Күн менен Айды силерге моюн сундуруп (кызматчы кылып) койду. Ар бири белгиленген убакытка чейин (асманда) жүрө берет. Ушул Аллах – Раббиңер. (Бардык) мүлк жеке Өзүнүн колунда. (Оо, мушриктер!) Андан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларыңар» чел кабыктай нерсеге да ээ эмес!
35:13 -
إِنْ تَدْعُوهُمْ لَا يَسْمَعُوا دُعَاءَكُمْ وَلَوْ سَمِعُوا مَا اسْتَجَابُوا لَكُمْ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكْفُرُونَ بِشِرْكِكُمْ ۚ وَلَا يُنَبِّئُكَ مِثْلُ خَبِيرٍ
Эгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллахка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллах) сыяктуу кабар бере албайт!
35:14
Котормо: Шамсуддин Хакимов