Сүрө 35 Фаатыр, аят 1 – 4

  1. الْحَمْدُ لِلَّهِ فَاطِرِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ جَاعِلِ الْمَلَائِكَةِ رُسُلًا أُولِي أَجْنِحَةٍ مَثْنَىٰ وَثُلَاثَ وَرُبَاعَ ۚ يَزِيدُ فِي الْخَلْقِ مَا يَشَاءُ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Бардык мактоо-даңазалар асмандар жана жердин жаратуучусу Аллахка таандык. (Ал) периштелерди эки, үч, төрт канаттуу элчилер кылып жаратты. Аллах (Өзү жараткан) макулуктарда Өзү каалаган нерсени көбөйтөт. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү!

    35:1
  2. مَا يَفْتَحِ اللَّهُ لِلنَّاسِ مِنْ رَحْمَةٍ فَلَا مُمْسِكَ لَهَا ۖ وَمَا يُمْسِكْ فَلَا مُرْسِلَ لَهُ مِنْ بَعْدِهِ ۚ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

    Аллах адамдарга ачып койгон ырайымды эч ким кармап кала албайт. (Ошондой эле) Аллах кармап калган нерсени, Андан кийин эч ким жибере албайт. Ал Кудуреттүү, Даанышман.

    35:2
  3. يَا أَيُّهَا النَّاسُ اذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ ۚ هَلْ مِنْ خَالِقٍ غَيْرُ اللَّهِ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ ۚ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ

    Оо, адамдар! Аллахтын берген жакшылыктарын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллахтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар?!

    35:3
  4. وَإِنْ يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِكَ ۚ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ

    (Оо, Мухаммад!) Эгер (элиң) сени «жалганчы» деген болсо, сенден мурунку пайгамбарлар деле жалганчыга чыгарылган. Бардык иштер Аллахка кайтат.

    35:4

Котормо: Шамсуддин Хакимов