Сүрө 32 Сажда
-
وَلَنُذِيقَنَّهُمْ مِنَ الْعَذَابِ الْأَدْنَىٰ دُونَ الْعَذَابِ الْأَكْبَرِ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ
Жана эч бир шексиз Биз аларга чоң азапка чейин, жакыныраак (бул дүйнөдө) азапты да таттырабыз. Кана эми, (ушуну ойлоп күнөөлөрүнөн) кайтышса.
32:21 -
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ ذُكِّرَ بِآيَاتِ رَبِّهِ ثُمَّ أَعْرَضَ عَنْهَا ۚ إِنَّا مِنَ الْمُجْرِمِينَ مُنْتَقِمُونَ
Раббисинин аяттары эскертилгенден соң алардан жүз буруп кеткен адамдан өткөн залым (каапыр) барбы?! Биз албетте, кылмышкер адамдардан өч алабыз!
32:22 -
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ فَلَا تَكُنْ فِي مِرْيَةٍ مِنْ لِقَائِهِ ۖ وَجَعَلْنَاهُ هُدًى لِبَنِي إِسْرَائِيلَ
Биз чынында Мусага китепти (Тооратты) бердик. (Оо, Мухаммад!) сен аны менен жолукканың жөнүндө шек-күмөндө болбогун! Биз Тооратты Исраил урпактарына туура жол кылганбыз.
32:23 -
وَجَعَلْنَا مِنْهُمْ أَئِمَّةً يَهْدُونَ بِأَمْرِنَا لَمَّا صَبَرُوا ۖ وَكَانُوا بِآيَاتِنَا يُوقِنُونَ
Жана Биз Исраил урпактарынын арасынан, сабырдуулук көргөзгөн мезгилдеринде, туура жолго баштаган жолбашчыларды чыгардык. Алар Биздин аяттарыбызга бекем ишенишчү.
32:24 -
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَفْصِلُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
Албетте, Сенин Раббиң, кыямат күндө алар талашкан маселелерде, алардын арасында бир Өзү өкүмдарлык кылат.
32:25 -
أَوَلَمْ يَهْدِ لَهُمْ كَمْ أَهْلَكْنَا مِنْ قَبْلِهِمْ مِنَ الْقُرُونِ يَمْشُونَ فِي مَسَاكِنِهِمْ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ ۖ أَفَلَا يَسْمَعُونَ
Аларга чейин нечендеген (каапыр) муундарды (өз пайгамбарын «жалганчы» дегени себептүү) кырып-жоюп салганыбыз аларды туура жолго баштабайбы?! Ошолордун жашаган жерлеринен (ары-бери) өтүп жүрүшөт го?! Чынында, бул нерседе (Аллахтын кудуретине) чоң белгилер бар. (Аллахтын аяттарына) кулак салышпайбы?!
32:26 -
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا نَسُوقُ الْمَاءَ إِلَى الْأَرْضِ الْجُرُزِ فَنُخْرِجُ بِهِ زَرْعًا تَأْكُلُ مِنْهُ أَنْعَامُهُمْ وَأَنْفُسُهُمْ ۖ أَفَلَا يُبْصِرُونَ
Алар ойлонушпайбы, Биз какыраган жерге (булуттарда) суу айдап (жамгыр жаадырып), аны менен өздөрү жана айбандары жей турган өсүмдүктөрдү чыгардык. (Ушул кудуретибизди) көрүшпөйбү?!
32:27 -
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْفَتْحُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Жана (ыймандууларга): «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы), бул ачылыш (кыямат) качан болот?» – дешет.
32:28 -
قُلْ يَوْمَ الْفَتْحِ لَا يَنْفَعُ الَّذِينَ كَفَرُوا إِيمَانُهُمْ وَلَا هُمْ يُنْظَرُونَ
Айткын: «Ачылыш (Кыямат) күнү каапырларга ыймандары пайда бербейт жана аларга (тообо кылуу үчүн) да мөөнөт берилбейт.
32:29 -
فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَانْتَظِرْ إِنَّهُمْ مُنْتَظِرُونَ
(Оо, Мухаммад!) Сен алардан жүзүңдү бур жана күтө бер алар да күтүшөт.
32:30
Котормо: Шамсуддин Хакимов