Сүрө 32 Сажда, аят 15 – 17
-
إِنَّمَا يُؤْمِنُ بِآيَاتِنَا الَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُوا بِهَا خَرُّوا سُجَّدًا وَسَبَّحُوا بِحَمْدِ رَبِّهِمْ وَهُمْ لَا يَسْتَكْبِرُونَ ۩
Чынында, Биздин аяттарыбызга, аларды эскертилгенде сажда кылган абалда жыгылган жана текеберленбей Раббисин аруулап мактоолорду айткан адамдар ыйман келтиришет.
32:15 -
تَتَجَافَىٰ جُنُوبُهُمْ عَنِ الْمَضَاجِعِ يَدْعُونَ رَبَّهُمْ خَوْفًا وَطَمَعًا وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
Алардын жамбаштары (өздөрү) жатаар орундарынан ыраак (көбүнчө ибадатта) болушат (жана) коркуп, үмүт кылып Раббисине дуба кылышат. Жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден (жакшылыктарга) сарпташат.
32:16 -
فَلَا تَعْلَمُ نَفْسٌ مَا أُخْفِيَ لَهُمْ مِنْ قُرَّةِ أَعْيُنٍ جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Эч бир (ыймандуу) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн сыйлык катары (бейиште) жашыруун даярдап коюлган, көздөрүн кубантуучу кандай гана нерселер бар экенин билбейт.
32:17
Котормо: Шамсуддин Хакимов