Сүрө 30 Рум, аят 2 – 6
-
غُلِبَتِ الرُّومُ
Рум (Персиядан) жеңилди.
30:2 -
فِي أَدْنَى الْأَرْضِ وَهُمْ مِنْ بَعْدِ غَلَبِهِمْ سَيَغْلِبُونَ
Эң жакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет.
30:3 -
فِي بِضْعِ سِنِينَ ۗ لِلَّهِ الْأَمْرُ مِنْ قَبْلُ وَمِنْ بَعْدُ ۚ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ
Бир нече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллахтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө ыймандуулар сүйүнүшөт.
30:4 -
بِنَصْرِ اللَّهِ ۚ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ ۖ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
Аллах Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу.
30:5 -
وَعْدَ اللَّهِ ۖ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
(Бул – ) Аллахтын убадасы. Аллах (эч качан) убадасын аткарбай койбойт. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.
30:6
Котормо: Шамсуддин Хакимов