Сүрө 2 Бакара, аят 47 – 50
-
يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ اذْكُرُوا نِعْمَتِيَ الَّتِي أَنْعَمْتُ عَلَيْكُمْ وَأَنِّي فَضَّلْتُكُمْ عَلَى الْعَالَمِينَ
Оо, Исраил урпактары! Силерге берген жакшылыгымды жана (бир мезгилдерде) силерди бардык ааламдан абзел кылганымды эстегиле.
2:47 -
وَاتَّقُوا يَوْمًا لَا تَجْزِي نَفْسٌ عَنْ نَفْسٍ شَيْئًا وَلَا يُقْبَلُ مِنْهَا شَفَاعَةٌ وَلَا يُؤْخَذُ مِنْهَا عَدْلٌ وَلَا هُمْ يُنْصَرُونَ
Эч ким башка бир адамга жардам бере албай турган жана (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч кимден шапаат кабыл кылынбай турган, эч кимден (күнөөсүнөн кутулуу үчүн) акы-төлөм алынбай турган жана эч кимге жардам берилбей турган күндөн (Кыяматтан) корккула!
2:48 -
وَإِذْ نَجَّيْنَاكُمْ مِنْ آلِ فِرْعَوْنَ يَسُومُونَكُمْ سُوءَ الْعَذَابِ يُذَبِّحُونَ أَبْنَاءَكُمْ وَيَسْتَحْيُونَ نِسَاءَكُمْ ۚ وَفِي ذَٰلِكُمْ بَلَاءٌ مِنْ رَبِّكُمْ عَظِيمٌ
(О, Исраил урпактары!) Эстегиле: силерди Фараондун адамдарынан Биз куткардык. Ал силерди катуу азапка салып иштетип, балдарыңарды союп, аялдарыңарды тирүү калтырган. Мында Раббиңер тарабынан чоң жакшылык бар эле.
2:49 -
وَإِذْ فَرَقْنَا بِكُمُ الْبَحْرَ فَأَنْجَيْنَاكُمْ وَأَغْرَقْنَا آلَ فِرْعَوْنَ وَأَنْتُمْ تَنْظُرُونَ
Эстегиле: силер үчүн деңизди бөлүп, силерди куткардык жана Фараондун аскерлерин чөктүрүп жибердик. Муну силер көрүп турдуңар.
2:50
Котормо: Шамсуддин Хакимов