Сүрө 2 Бакара, аят 21 – 29
-
يَا أَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ
Оо, адамдар! Силерди жана силерден алдыңкыларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, ошону менен такыбалуу болорсуңар.
2:21 -
الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ فِرَاشًا وَالسَّمَاءَ بِنَاءً وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجَ بِهِ مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ ۖ فَلَا تَجْعَلُوا لِلَّهِ أَنْدَادًا وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Ал силерге жерди төшөк кылып, асманды (үстүңөргө) куруп койду жана асмандан суу түшүрүп, силерге ырыскы болуу үчүн аны менен мөмө-жемиштерди чыгарды. Эми, билип туруп Аллахка (башка нерселерди) теңдеш кылбагыла!
2:22 -
وَإِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَىٰ عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ وَادْعُوا شُهَدَاءَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
«Эгер силер, пендебизге (Мухаммадга) түшүргөнүбүзгө (Куранга) күмөндө болсоңор, ошонун дал өзүндөй бир гана сүрө келтиргилечи?! Дагы Аллахтан башка (колдоочу) күбөңөрдү да чакыргыла, эгер чынчыл болсоңор!»
2:23 -
فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا وَلَنْ تَفْعَلُوا فَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ ۖ أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ
Эгер силер муну жасай албасаңар, чынында силер муну эч качан жасай албайсыңар. Андай болсо, отуну адамдардан жана таштардан болгон, каапырлар үчүн даярдалган оттон (тозоктон) сактангыла!
2:24 -
وَبَشِّرِ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۖ كُلَّمَا رُزِقُوا مِنْهَا مِنْ ثَمَرَةٍ رِزْقًا ۙ قَالُوا هَٰذَا الَّذِي رُزِقْنَا مِنْ قَبْلُ ۖ وَأُتُوا بِهِ مُتَشَابِهًا ۖ وَلَهُمْ فِيهَا أَزْوَاجٌ مُطَهَّرَةٌ ۖ وَهُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
(Жүрөктөрү менен) ыйман келтирип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы иштерди жасаган адамдарга, астынан дарыялар аккан бейишти сүйүнчүлө! Алар ар качан ырыскы катары бейиштен кайсы бир мөмө берилчү болсо: «Бизге бул мурда берилген болчу» - дешет. Аларга (көрүнүшү жана түсү дүйнөдөгүгө) окшош (бирок даамы тап-такыр окшобогон) мөмөлөр берилет. Алар үчүн бейиште таза-аруу жубайлар бар. Алар анда түбөлүк калышат.
2:25 -
إِنَّ اللَّهَ لَا يَسْتَحْيِي أَنْ يَضْرِبَ مَثَلًا مَا بَعُوضَةً فَمَا فَوْقَهَا ۚ فَأَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا فَيَعْلَمُونَ أَنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّهِمْ ۖ وَأَمَّا الَّذِينَ كَفَرُوا فَيَقُولُونَ مَاذَا أَرَادَ اللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلًا ۘ يُضِلُّ بِهِ كَثِيرًا وَيَهْدِي بِهِ كَثِيرًا ۚ وَمَا يُضِلُّ بِهِ إِلَّا الْفَاسِقِينَ
Аллах чиркейди же андан чоң же кичине нерсени мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ыймандуулар ал (мисалдын) Раббиси тарабынан (келген) акыйкат экенин билишет. Каапырлар болсо, «Аллах муну мисал келтирүү менен эмнени каалаган?» деп айтышат. (Аллах) бул мисал менен көптөрүн адаштырат жана көптөрүн туура жолго баштайт. Дагы (Аллах) аны менен бузуку (Аллахка баш ийбеген) адамдарды гана адаштырат.
2:26 -
الَّذِينَ يَنْقُضُونَ عَهْدَ اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مِيثَاقِهِ وَيَقْطَعُونَ مَا أَمَرَ اللَّهُ بِهِ أَنْ يُوصَلَ وَيُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ ۚ أُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ
Алар Аллахка берген убадаларын, бекемдегенден кийин деле буза беришет, Аллах улануусун буюрган нерселерди үзүшөт жана жерде бузгунчулук кылышат. Дал ушул адамдар анык зыян тартуучулар!
2:27 -
كَيْفَ تَكْفُرُونَ بِاللَّهِ وَكُنْتُمْ أَمْوَاتًا فَأَحْيَاكُمْ ۖ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يُحْيِيكُمْ ثُمَّ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Силер кантип Аллахка каапыр (ыймансыз) болуудасыңар?! Силер алдын өлүк элеңер, Ал силерди (жан берип) тирилтти. Кийин силерди өлтүрүп, андан соң (кайра) тирилтет. Кийин (эсеп берүү үчүн) Анын Өзүнө кайтарыласыңар.
2:28 -
هُوَ الَّذِي خَلَقَ لَكُمْ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا ثُمَّ اسْتَوَىٰ إِلَى السَّمَاءِ فَسَوَّاهُنَّ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ ۚ وَهُوَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Ал силер үчүн жердеги бардык нерселерди жаратып, андан соң асманды максат кылды жана аны (кынтыксыз) жети асман кылып жаратты. Ал бардык нерсени Билүүчү.
2:29
Котормо: Шамсуддин Хакимов