Сүрө 2 Бакара, аят 142 – 150
-
سَيَقُولُ السُّفَهَاءُ مِنَ النَّاسِ مَا وَلَّاهُمْ عَنْ قِبْلَتِهِمُ الَّتِي كَانُوا عَلَيْهَا ۚ قُلْ لِلَّهِ الْمَشْرِقُ وَالْمَغْرِبُ ۚ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Жакында адамдардын акылсыздары: “Аларды (мусулмандарды) мурун өздөрү жүздөнгөн кыбылаларынан жүз бурдурганы эмне?” дешет. Айткын: “Чыгыш дагы, Батыш дагы Аллахка таандык. Каалаган пендесин туура жолго баштайт».
2:142 -
وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا ۗ وَمَا جَعَلْنَا الْقِبْلَةَ الَّتِي كُنْتَ عَلَيْهَا إِلَّا لِنَعْلَمَ مَنْ يَتَّبِعُ الرَّسُولَ مِمَّنْ يَنْقَلِبُ عَلَىٰ عَقِبَيْهِ ۚ وَإِنْ كَانَتْ لَكَبِيرَةً إِلَّا عَلَى الَّذِينَ هَدَى اللَّهُ ۗ وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُضِيعَ إِيمَانَكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِالنَّاسِ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ
Ошондой эле, биз силерди, (өз илим-адилетиңер менен) адамдардын үстүндө күбө болуп турууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болуп турушу үчүн орто үммөт кылдык. (Оо, Мухаммад) сен мурун жүздөнгөн кыбыланы Биз пайгамбарга ээрчиген адамдарды артына бурулуп, (динден кайтып) кеткен адамдардан билип (ажыратып) алыш үчүн өзгөрттүк. Бул (кыбыланы өзгөртүү) оор иш. Бирок, Аллах туура багыт берген адамдарга оор эмес. Аллах силердин ыйманыңарды текке кетирбейт. Аллах адамдарга өтө Ырайымдуу жана Мээримдүү. (Кыбыла Иерусалим тарапка бурулганы менен пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын жүрөгү Каабаны самап, сагынып турат эле)
2:143 -
قَدْ نَرَىٰ تَقَلُّبَ وَجْهِكَ فِي السَّمَاءِ ۖ فَلَنُوَلِّيَنَّكَ قِبْلَةً تَرْضَاهَا ۚ فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ ۚ وَحَيْثُ مَا كُنْتُمْ فَوَلُّوا وُجُوهَكُمْ شَطْرَهُ ۗ وَإِنَّ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ لَيَعْلَمُونَ أَنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّهِمْ ۗ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا يَعْمَلُونَ
(Оо, Мухаммад!) Биз кээде жүзүңдүн «асманда кезгенин» көрөбүз жана сени өзүң ыраазы болгон кыбылага бурабыз. Эми сен жүзүңдү Масжид аль-Харам (Кааба) тарапка бур! (Оо, момундар, силер дагы) кайда болсоңор (намазда) жүзүңөрдү ошол тарапка бургула! Ал эми, китеп берилген элдер (яхудий жана христиандар) деле анын (кыбыланын Кааба тарапка бурулганын) Раббисинен келген чындык (вахий) экенин айкын билип турушат. Аллах силердин ишиңерден кабарсыз эмес!
2:144 -
وَلَئِنْ أَتَيْتَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ بِكُلِّ آيَةٍ مَا تَبِعُوا قِبْلَتَكَ ۚ وَمَا أَنْتَ بِتَابِعٍ قِبْلَتَهُمْ ۚ وَمَا بَعْضُهُمْ بِتَابِعٍ قِبْلَةَ بَعْضٍ ۚ وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ ۙ إِنَّكَ إِذًا لَمِنَ الظَّالِمِينَ
Эгер сен Китеп берилгендерге бардык далилдерди келтирип (алдына тизип) койсоң да, алар сенин кыбылаңа ээрчибейт. Сен да алардын кыбыласына эргешүүчү (эрчишүүчү) эмессиң. Дагы алар бири-биринин кыбыласына да ээрчишпейт. Эгер сен өзүңө (Аллахтан) келген илимден кийин деле алардын кызыкчылыгына эргешүүчү (эрчишүүчү) болсоң, анда сен сөзсүз заалымдардан болуп каласың.
2:145 -
الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يَعْرِفُونَهُ كَمَا يَعْرِفُونَ أَبْنَاءَهُمْ ۖ وَإِنَّ فَرِيقًا مِنْهُمْ لَيَكْتُمُونَ الْحَقَّ وَهُمْ يَعْلَمُونَ
Биз китеп (Тоорат жана Инжил) берген адамдар аны өз балдарын тааныган сыяктуу таанышат. (Анан ошол, пайгамбар – Мухаммад келгенде) алардан көпчүлүгү чындыкты билип туруп, жаап-жашыра башташты.
2:146 -
الْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ ۖ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ الْمُمْتَرِينَ
(Оо, Мухаммад) Акыйкат – Раббиң тарабынан! Демек сен эч качан шектенүүчүлөрдөн болбогун!
2:147 -
وَلِكُلٍّ وِجْهَةٌ هُوَ مُوَلِّيهَا ۖ فَاسْتَبِقُوا الْخَيْرَاتِ ۚ أَيْنَ مَا تَكُونُوا يَأْتِ بِكُمُ اللَّهُ جَمِيعًا ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Ар бир (диндеги) адамдын жүздөнөр тарабы (кыбыласы) бар. Бири-бириңерден озуп жакшылык жасагыла! Силер кайда болсоңор да, Аллах бардыгыңарды (Кыямат күндүн эсеп-китеби үчүн) чогултуп алат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.
2:148 -
وَمِنْ حَيْثُ خَرَجْتَ فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ ۖ وَإِنَّهُ لَلْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ ۗ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ
Кай тараптан (сапарга) чыксаң да жүзүңдү “Аль-Харам” мечити тарапка бур! Ал – Раббиң тарабынан болгон (айныгыс) Чындык! Аллах силердин ишиңерден кабарсыз эмес.
2:149 -
وَمِنْ حَيْثُ خَرَجْتَ فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ ۚ وَحَيْثُ مَا كُنْتُمْ فَوَلُّوا وُجُوهَكُمْ شَطْرَهُ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَيْكُمْ حُجَّةٌ إِلَّا الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ فَلَا تَخْشَوْهُمْ وَاخْشَوْنِي وَلِأُتِمَّ نِعْمَتِي عَلَيْكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ
Кай тараптан чыксаң да, жүзүңдү “Аль-Харам” мечити тарапка бур! Силер дагы (оо, момундар,) үстүңөрдөн адамдарга далил болуп калбаш үчүн, кай жерде болсоңор да жүзүңөрдү ал тарапка бургула! Ал эми, алардын арасынан заалым болуп бүткөн адамдар (далилге деле карабай, бузук сөздөрүн тарата беришет). Алардан коркпогула, Мен силерге жакшылыктарымды толук кылып берүүм үчүн жана туура жолго багыт алууңар үчүн Менден гана корккула!
2:150
Котормо: Шамсуддин Хакимов