Сүрө 27 Намл

  1. وَمَا أَنْتَ بِهَادِي الْعُمْيِ عَنْ ضَلَالَتِهِمْ ۖ إِنْ تُسْمِعُ إِلَّا مَنْ يُؤْمِنُ بِآيَاتِنَا فَهُمْ مُسْلِمُونَ

    (Ошондой эле), сен сокурларды адашуучулугунан туура жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтиргендерге гана (акыйкатты) угуза аласың.

    27:81
  2. وَإِذَا وَقَعَ الْقَوْلُ عَلَيْهِمْ أَخْرَجْنَا لَهُمْ دَابَّةً مِنَ الْأَرْضِ تُكَلِّمُهُمْ أَنَّ النَّاسَ كَانُوا بِآيَاتِنَا لَا يُوقِنُونَ

    Качан адамдарга (убада кылынган) сөз (кыямат) келип (жакындап) калганда, аларга жерден бир жаныбар чыгарабыз. Ал аларга адамдар Биздин аяттарыбызга ишенишкен жок деп сүйлөйт.

    27:82
  3. وَيَوْمَ نَحْشُرُ مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ فَوْجًا مِمَّنْ يُكَذِّبُ بِآيَاتِنَا فَهُمْ يُوزَعُونَ

    Биз ар бир үммөт арасындагы, аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардан бир топторун чогултуп, анан алар (Биздин алдыбызда) тизилип калган күндү (кыяматты эстегин).

    27:83
  4. حَتَّىٰ إِذَا جَاءُوا قَالَ أَكَذَّبْتُمْ بِآيَاتِي وَلَمْ تُحِيطُوا بِهَا عِلْمًا أَمَّاذَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

    Качан алар келгенде (Аллах) айтты: «Менин аяттарымды толук билбей (түшүнбөй) туруп, аны жалганга чыгардыңарбы?! Же анда эмне кылгансыңар?!»

    27:84
  5. وَوَقَعَ الْقَوْلُ عَلَيْهِمْ بِمَا ظَلَمُوا فَهُمْ لَا يَنْطِقُونَ

    Ошентип, зулум (каапырчылык) кылгандары себептүү алардын үстүнө Сөз (азап) түштү! Алар (анда) бир да сөз сүйлөй албай калышат. (Ошондой азапка учурап калуудан мурун, бул дүйнөдө:)

    27:85
  6. أَلَمْ يَرَوْا أَنَّا جَعَلْنَا اللَّيْلَ لِيَسْكُنُوا فِيهِ وَالنَّهَارَ مُبْصِرًا ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

    Карашпайбы (ойлонушпайбы): Биз түндү жаратып койдук, анда эс алып, тыныгуулары үчүн..., Жана күндүздү жаратып койдук, көрүүлөрү (жана жашоо тиричилигин өткөрүүлөрү) үчүн?! Буларда ыйман келтирген адамдарга анык белгилер бар!

    27:86
  7. وَيَوْمَ يُنْفَخُ فِي الصُّورِ فَفَزِعَ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ إِلَّا مَنْ شَاءَ اللَّهُ ۚ وَكُلٌّ أَتَوْهُ دَاخِرِينَ

    Сур (кернейи) тартылган күнү, асмандардагы жана жердеги, Аллах каалагандардан башка бардык жандуулар катуу коркунучка түшөт. Жана экинчи ирет тартылганда бардык адамдар Аллахка моюн сунган абалда келишет.

    27:87
  8. وَتَرَى الْجِبَالَ تَحْسَبُهَا جَامِدَةً وَهِيَ تَمُرُّ مَرَّ السَّحَابِ ۚ صُنْعَ اللَّهِ الَّذِي أَتْقَنَ كُلَّ شَيْءٍ ۚ إِنَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَفْعَلُونَ

    Жана сен (кыямат күнү) тоолор (ордунда) катып турат деп ойлойсуң (жок, андай болбойт). Алар (ал күнү) булуттар учкан сыяктуу учуп жүрөт. Бул ар бир нерсени мыкты жасаган Аллахтын жасаганы. Ал силердин бардык ишиңерден Кабардар.

    27:88
  9. مَنْ جَاءَ بِالْحَسَنَةِ فَلَهُ خَيْرٌ مِنْهَا وَهُمْ مِنْ فَزَعٍ يَوْمَئِذٍ آمِنُونَ

    Ким (тигил дүйнөгө) жакшылык (сооп иш) алып келсе, ага анысынан жакшыраак (сыйлык) берилет жана алар ошол (кыямат) күндүн коркунучунан аман болушат.

    27:89
  10. وَمَنْ جَاءَ بِالسَّيِّئَةِ فَكُبَّتْ وُجُوهُهُمْ فِي النَّارِ هَلْ تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

    Ал эми, ким жамандык (күнөө) алып келсе, алар жүздөрү менен тозокко ташталат жана: «Өзүңөрдүн ишиңерге жараша гана жаза аласыңар» (деп айтылат).

    27:90
  11. إِنَّمَا أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ رَبَّ هَٰذِهِ الْبَلْدَةِ الَّذِي حَرَّمَهَا وَلَهُ كُلُّ شَيْءٍ ۖ وَأُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ مِنَ الْمُسْلِمِينَ

    (Айткын): «Мен ушул шаардын (Меккенин) Раббисине ибадат кылууга буюрулдум. Аллах ал шаарды ыйык кылган. Бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Жана мен мусулмандардан болууга буюрулдум.

    27:91
  12. وَأَنْ أَتْلُوَ الْقُرْآنَ ۖ فَمَنِ اهْتَدَىٰ فَإِنَّمَا يَهْتَدِي لِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ ضَلَّ فَقُلْ إِنَّمَا أَنَا مِنَ الْمُنْذِرِينَ

    Жана Куранды окуп берүүгө (да буюрулганмын). Эми, ким туура жолго түшсө, өз пайдасы үчүн. Ал эми, кимде-ким адашса, айткын: «Чынында, мен эскертүүчүлөрдүн биримин».

    27:92
  13. وَقُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ سَيُرِيكُمْ آيَاتِهِ فَتَعْرِفُونَهَا ۚ وَمَا رَبُّكَ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ

    Жана айткын: «Аллахка мактоолор болсун! Жакында Ал силерге Өзүнүн аят-белгилерин көргөзөт. Анан аларды таанып аласыңар». Сенин Раббиң (эч бир) ишиңерден бейкапар эмес!

    27:93

Котормо: Шамсуддин Хакимов