Сүрө 24 Нур, аят 4 – 9

  1. وَالَّذِينَ يَرْمُونَ الْمُحْصَنَاتِ ثُمَّ لَمْ يَأْتُوا بِأَرْبَعَةِ شُهَدَاءَ فَاجْلِدُوهُمْ ثَمَانِينَ جَلْدَةً وَلَا تَقْبَلُوا لَهُمْ شَهَادَةً أَبَدًا ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

    Таза аялдарга (жана эркектерге «зынакер» деп) доомат коюп, андан кийин төрт (адилеттүү) күбө алып келе албаган адамдарды сексен балак ургула жана алардын күбөлүгүн эч качан кабыл албагыла! Алар – (Аллахка баш ийбеген) бузуку адамдар!

    24:4
  2. إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا مِنْ بَعْدِ ذَٰلِكَ وَأَصْلَحُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

    Ал эми, ушунусунан кийин тообо кылган жана (амалдарын) оңдогон адамдар(дын күнөөсүн Аллах кечирет. Анткени,) Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.

    24:5
  3. وَالَّذِينَ يَرْمُونَ أَزْوَاجَهُمْ وَلَمْ يَكُنْ لَهُمْ شُهَدَاءُ إِلَّا أَنْفُسُهُمْ فَشَهَادَةُ أَحَدِهِمْ أَرْبَعُ شَهَادَاتٍ بِاللَّهِ ۙ إِنَّهُ لَمِنَ الصَّادِقِينَ

    Өз аялдарына (зына кылды деген) доомат коюп, бирок, өзүнөн башка күбөсү жок болгон адамдардын ар биринин күбөлүгү ( - казынын алдында:) «Мен чынчылдарданмын» деп төрт ирет Аллахтын аты менен (ант ичип) күбөлүк берүү.

    24:6
  4. وَالْخَامِسَةُ أَنَّ لَعْنَتَ اللَّهِ عَلَيْهِ إِنْ كَانَ مِنَ الْكَاذِبِينَ

    Бешинчиси – «Эгер жалганчылардан болсом мага Аллахтын наалаты болсун!» - деп айтуу.

    24:7
  5. وَيَدْرَأُ عَنْهَا الْعَذَابَ أَنْ تَشْهَدَ أَرْبَعَ شَهَادَاتٍ بِاللَّهِ ۙ إِنَّهُ لَمِنَ الْكَاذِبِينَ

    Ал эми «Ал (күйөөсү) жалган айтууда!» - деп, төрт ирет Аллахка ант ичүүсү андан (аялынан) азапты арылтат.

    24:8
  6. وَالْخَامِسَةَ أَنَّ غَضَبَ اللَّهِ عَلَيْهَا إِنْ كَانَ مِنَ الصَّادِقِينَ

    Бешинчиси – (аялдын) «Эгер ал (күйөөсү) чын сүйлөп жаткан болсо, өзүнө Аллахтын каары болсун!»- деп (наалат) айтуусу.

    24:9

Котормо: Шамсуддин Хакимов