Сүрө 24 Нур, аят 36 – 39

  1. فِي بُيُوتٍ أَذِنَ اللَّهُ أَنْ تُرْفَعَ وَيُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ يُسَبِّحُ لَهُ فِيهَا بِالْغُدُوِّ وَالْآصَالِ

    (Ал чырак «мечит» деп аталган) үйлөрдө (жагылат). Аллах ал үйлөрдүн (курулушу жана даражасы бийик) көтөрүлүшүнө жана анда Өзүнүн ысымы эскерилишин буюрган. Анын ичинде (ыймандуу адамдар) эртели-кеч Аны (ар кандай кемчилдиктерден) аруулашат.

    24:36
  2. رِجَالٌ لَا تُلْهِيهِمْ تِجَارَةٌ وَلَا بَيْعٌ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَإِقَامِ الصَّلَاةِ وَإِيتَاءِ الزَّكَاةِ ۙ يَخَافُونَ يَوْمًا تَتَقَلَّبُ فِيهِ الْقُلُوبُ وَالْأَبْصَارُ

    (Ал) эр-азаматтарды Аллахтын зикиринен, намаз окуудан жана зекет берүүдөн соода дагы, алды-сатты дагы алаксыта албайт! (Анткени,) алар көздөр жана жүрөктөр (коркуу менен үмүттүн ортосунда ары-бери) оодарылып кала турган Күндөн (Кыяматтан) коркушат.

    24:37
  3. لِيَجْزِيَهُمُ اللَّهُ أَحْسَنَ مَا عَمِلُوا وَيَزِيدَهُمْ مِنْ فَضْلِهِ ۗ وَاللَّهُ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ

    (Мунун себеби) Аллах аларды жасаган амалдарынын эң жакшылары менен сыйлашы жана Өзүнүн берешендиги менен аларды(н соопторуна сооп) кошуп бериши үчүн. Аллах каалаган пендесине эсепсиз ырыскы берет.

    24:38
  4. وَالَّذِينَ كَفَرُوا أَعْمَالُهُمْ كَسَرَابٍ بِقِيعَةٍ يَحْسَبُهُ الظَّمْآنُ مَاءً حَتَّىٰ إِذَا جَاءَهُ لَمْ يَجِدْهُ شَيْئًا وَوَجَدَ اللَّهَ عِنْدَهُ فَوَفَّاهُ حِسَابَهُ ۗ وَاللَّهُ سَرِيعُ الْحِسَابِ

    Каапырлардын амалдары болсо, чөлдөгү закым сыяктуу. Суусаган адам аны суу деп ойлойт. Качан ага («жетип») барса эч нерсе таппай калат. Өзүнүн алдында (Кыяматта) Аллахты гана табат. Анан Аллах аны менен толук эсептешет. Аллах тез эсептешүүчү.

    24:39

Котормо: Шамсуддин Хакимов