Сүрө 20 Таха, аят 65 – 70

  1. قَالُوا يَا مُوسَىٰ إِمَّا أَنْ تُلْقِيَ وَإِمَّا أَنْ نَكُونَ أَوَّلَ مَنْ أَلْقَىٰ

    «Оо, Муса (дешти сыйкычылар) же сен (башта колуңдагы таягыңды) ташта же болбосо, биз биринчи таштайлы».

    20:65
  2. قَالَ بَلْ أَلْقُوا ۖ فَإِذَا حِبَالُهُمْ وَعِصِيُّهُمْ يُخَيَّلُ إِلَيْهِ مِنْ سِحْرِهِمْ أَنَّهَا تَسْعَىٰ

    (Муса) айтты: «Жок, силер таштагыла!» (Ташташты эле,) капыстан жиптери жана таяктары, алардын сыйкырынан улам ага (Мусага) кыймылдагандай көрүндү!

    20:66
  3. فَأَوْجَسَ فِي نَفْسِهِ خِيفَةً مُوسَىٰ

    Муса ичинен бир сестенип алды.

    20:67
  4. قُلْنَا لَا تَخَفْ إِنَّكَ أَنْتَ الْأَعْلَىٰ

    Биз (ага): «Коркпогун сен (алардан) жогору(боло)суң» – деп айттык.

    20:68
  5. وَأَلْقِ مَا فِي يَمِينِكَ تَلْقَفْ مَا صَنَعُوا ۖ إِنَّمَا صَنَعُوا كَيْدُ سَاحِرٍ ۖ وَلَا يُفْلِحُ السَّاحِرُ حَيْثُ أَتَىٰ

    Колуңдагы нерсени (таякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт» дедик.

    20:69
  6. فَأُلْقِيَ السَّحَرَةُ سُجَّدًا قَالُوا آمَنَّا بِرَبِّ هَارُونَ وَمُوسَىٰ

    Анан сыйкырчылар сажда кылган абалда жерге бой таштап: «Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик!» дешти. (Муну көргөн Фараон аябай ачууланды:)

    20:70

Котормо: Шамсуддин Хакимов