Сүрө 20 Таха, аят 42 – 46

  1. اذْهَبْ أَنْتَ وَأَخُوكَ بِآيَاتِي وَلَا تَنِيَا فِي ذِكْرِي

    (Эми,) сен жана бир тууганың (Харун) экөөң Мен берген (тогуз) кереметтерди алып баргыла. Мени эстөөдө (жана эскертүүдө) алсыздык кылбагыла!

    20:42
  2. اذْهَبَا إِلَىٰ فِرْعَوْنَ إِنَّهُ طَغَىٰ

    (Оболу) Фараонго баргыла. Анткени ал аябай чектен чыгып кетти.

    20:43
  3. فَقُولَا لَهُ قَوْلًا لَيِّنًا لَعَلَّهُ يَتَذَكَّرُ أَوْ يَخْشَىٰ

    Анан ага (адегенде) сылык-сыпаа сөз айткыла, (Мени) эсине алса же (Менден) коркуп калса ажеп эмес.

    20:44
  4. قَالَا رَبَّنَا إِنَّنَا نَخَافُ أَنْ يَفْرُطَ عَلَيْنَا أَوْ أَنْ يَطْغَىٰ

    (Экөө) айтты: «Оо, биздин Рабби! Биз (үгүтүбүздү баштай электе) бизге каршы шашылып (чара колдонуп) коюусунан жана чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз».

    20:45
  5. قَالَ لَا تَخَافَا ۖ إِنَّنِي مَعَكُمَا أَسْمَعُ وَأَرَىٰ

    «Коркпогула! Мен силер мененмин! (Бардыгын угуп, көрүп турамын)

    20:46

Котормо: Шамсуддин Хакимов