Сүрө 20 Таха, аят 17 – 23
-
وَمَا تِلْكَ بِيَمِينِكَ يَا مُوسَىٰ
Оң колундагы эмне, оо, Муса?».
20:17 -
قَالَ هِيَ عَصَايَ أَتَوَكَّأُ عَلَيْهَا وَأَهُشُّ بِهَا عَلَىٰ غَنَمِي وَلِيَ فِيهَا مَآرِبُ أُخْرَىٰ
«Бул – менин таягым» – деди Муса – мен ага таянамын жана койлорума аны менен (жалбырактарды) күүп беремин. Жана башка максаттарга да пайдаланамын».
20:18 -
قَالَ أَلْقِهَا يَا مُوسَىٰ
(Аллах) айтты: «Оо, Муса аны жерге ташта».
20:19 -
فَأَلْقَاهَا فَإِذَا هِيَ حَيَّةٌ تَسْعَىٰ
Аны таштады эле, сойлогон (чоң) жыланга айланып калды.
20:20 -
قَالَ خُذْهَا وَلَا تَخَفْ ۖ سَنُعِيدُهَا سِيرَتَهَا الْأُولَىٰ
«Аны колуңа ал жана коркпо. Биз аны абалкы абалына келтирип коёбуз».
20:21 -
وَاضْمُمْ يَدَكَ إِلَىٰ جَنَاحِكَ تَخْرُجْ بَيْضَاءَ مِنْ غَيْرِ سُوءٍ آيَةً أُخْرَىٰ
Жана колуңду колтугуңа кат – жамандыгы жок, ак-нурдуу болуп чыгат. Бул дагы бир керемет.
20:22 -
لِنُرِيَكَ مِنْ آيَاتِنَا الْكُبْرَى
(Таяк менен ак кол) Биздин чоң кереметтерибизден. Сага көргөзүп (билгизип) коюшубуз үчүн.
20:23
Котормо: Шамсуддин Хакимов