Сүрө 19 Мариям, аят 17 – 21
-
فَاتَّخَذَتْ مِنْ دُونِهِمْ حِجَابًا فَأَرْسَلْنَا إِلَيْهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرًا سَوِيًّا
алардан чүмбөттөнүп алды. Анан Биз ага Өз Рухубузду (Жебирейил периштени) жибердик. Ал Мариямга кадимки инсан кейпинде көрүндү.
19:17 -
قَالَتْ إِنِّي أَعُوذُ بِالرَّحْمَٰنِ مِنْكَ إِنْ كُنْتَ تَقِيًّا
(Анда, Мариям) айтты: «Мени сенден Чексиз ырайымдуу (Аллах) сактасын! Эгер Аллахтан коркуучу болсоң, (мага жолобогун)!».
19:18 -
قَالَ إِنَّمَا أَنَا رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَامًا زَكِيًّا
«(Коркпо). Мен Раббиңдин элчиси(периште)мин. Сага аруу перзент бериш үчүн (жиберилдим)», – деди ал.
19:19 -
قَالَتْ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَامٌ وَلَمْ يَمْسَسْنِي بَشَرٌ وَلَمْ أَكُ بَغِيًّا
(Мариям) айтты: «Мага эч бир (эркек) адам кол тийгизбеген (кыз бала) жана сойку эмес болсом, менде кайдан бала болсун?!».
19:20 -
قَالَ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٌ ۖ وَلِنَجْعَلَهُ آيَةً لِلنَّاسِ وَرَحْمَةً مِنَّا ۚ وَكَانَ أَمْرًا مَقْضِيًّا
(Периште) айтты: «(Ооба) ушундай. Бирок, Раббиң айтты: «Аны адамдар үчүн (Өз кудуретибизден) белги жана Ырайым кылып жаратабыз. Бул иш тагдырда чечилип калган» (Периште ушул сөздөрдү айтып, Мариямдын көйнөгүнүн жакасына үйлөдү. Ушундан улам…)
19:21
Котормо: Шамсуддин Хакимов