Сүрө 18 Кахф, аят 16 – 26

  1. وَإِذِ اعْتَزَلْتُمُوهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ إِلَّا اللَّهَ فَأْوُوا إِلَى الْكَهْفِ يَنْشُرْ لَكُمْ رَبُّكُمْ مِنْ رَحْمَتِهِ وَيُهَيِّئْ لَكُمْ مِنْ أَمْرِكُمْ مِرْفَقًا

    «Силер азыр алардан жана Аллахтан башка алар сыйынган «кудайлардан» үзүлдүңөр. Эми үңкүрдөн башпаанек тапкыла. Раббиңер силер үчүн Өз ырайымынан коргоо жиберээр жана ишиңерди оңунан келтирип койоор!»

    18:16
  2. وَتَرَى الشَّمْسَ إِذَا طَلَعَتْ تَزَاوَرُ عَنْ كَهْفِهِمْ ذَاتَ الْيَمِينِ وَإِذَا غَرَبَتْ تَقْرِضُهُمْ ذَاتَ الشِّمَالِ وَهُمْ فِي فَجْوَةٍ مِنْهُ ۚ ذَٰلِكَ مِنْ آيَاتِ اللَّهِ ۗ مَنْ يَهْدِ اللَّهُ فَهُوَ الْمُهْتَدِ ۖ وَمَنْ يُضْلِلْ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ وَلِيًّا مُرْشِدًا

    Сен, күндү чыкканда алардын үңкүрүнүн оң капталынан, ал эми батып баратканда сол капталынан (айланып) өткөнүн көрөсүң. Алардын өздөрү болсо, үңкүрдүн кенен жеринде. Бул – Аллахтын моожизаларынан. Аллах кимди туура жолго баштаса ал туура жолдо. Жана кимди адаштырса, сен ага туура жол көргөзүүчү жолбашчы таба албайсың.

    18:17
  3. وَتَحْسَبُهُمْ أَيْقَاظًا وَهُمْ رُقُودٌ ۚ وَنُقَلِّبُهُمْ ذَاتَ الْيَمِينِ وَذَاتَ الشِّمَالِ ۖ وَكَلْبُهُمْ بَاسِطٌ ذِرَاعَيْهِ بِالْوَصِيدِ ۚ لَوِ اطَّلَعْتَ عَلَيْهِمْ لَوَلَّيْتَ مِنْهُمْ فِرَارًا وَلَمُلِئْتَ مِنْهُمْ رُعْبًا

    (О, аларга караган адам!) Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң. Чынында, алар уйкуда. Жана Биз аларды оң-сол жамбаштарына оодарып турабыз. Алардын ити болсо, (тирүү сыяктуу) бутун астана тарапка сунган бойдон жатат. Эгер аларга карасаң, жүрөгүң кооптонуп, артыңа качасын.

    18:18
  4. وَكَذَٰلِكَ بَعَثْنَاهُمْ لِيَتَسَاءَلُوا بَيْنَهُمْ ۚ قَالَ قَائِلٌ مِنْهُمْ كَمْ لَبِثْتُمْ ۖ قَالُوا لَبِثْنَا يَوْمًا أَوْ بَعْضَ يَوْمٍ ۚ قَالُوا رَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَا لَبِثْتُمْ فَابْعَثُوا أَحَدَكُمْ بِوَرِقِكُمْ هَٰذِهِ إِلَى الْمَدِينَةِ فَلْيَنْظُرْ أَيُّهَا أَزْكَىٰ طَعَامًا فَلْيَأْتِكُمْ بِرِزْقٍ مِنْهُ وَلْيَتَلَطَّفْ وَلَا يُشْعِرَنَّ بِكُمْ أَحَدًا

    Ошентип, (арадан үч жүз жыл өткөндө) Биз аларды өз-ара бири-биринен сурамжылаш үчүн ойготтук. Алардын бирөөсү: «Канча убакыт (уйкуда) болдуңар?» - деди эле, (башка бирөөлөрү): «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчө» дешти. (Ошентип, талашып, эки тарап тең өздөрүнүн пикирин анык далилдей албай, акырында мындайча) сүйлөшүштү: «Канча (уйкуда) болгонуңарды (бир гана) Раббиңер билет. Эми, бирөөңөрдү мына бул акчаңар менен шаарга жибергиле. Ал эң асыл-чүйгүн тамактарды карап (тандап) ырыскы алып келсин. Жана ал өтө кылдат болсун. Дагы силерди бирөөгө сездирип койбосун.

    18:19
  5. إِنَّهُمْ إِنْ يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ يَرْجُمُوكُمْ أَوْ يُعِيدُوكُمْ فِي مِلَّتِهِمْ وَلَنْ تُفْلِحُوا إِذًا أَبَدًا

    Эгер алар (шаар эли) силерди билип калчу болсо, ташбараңга алат же өздөрүнүн (көп кудайлык) динине кайра киргизет. Анда эч качан кутулбай каласыңар».

    18:20
  6. وَكَذَٰلِكَ أَعْثَرْنَا عَلَيْهِمْ لِيَعْلَمُوا أَنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَأَنَّ السَّاعَةَ لَا رَيْبَ فِيهَا إِذْ يَتَنَازَعُونَ بَيْنَهُمْ أَمْرَهُمْ ۖ فَقَالُوا ابْنُوا عَلَيْهِمْ بُنْيَانًا ۖ رَبُّهُمْ أَعْلَمُ بِهِمْ ۚ قَالَ الَّذِينَ غَلَبُوا عَلَىٰ أَمْرِهِمْ لَنَتَّخِذَنَّ عَلَيْهِمْ مَسْجِدًا

    Ошентип, Аллахтын убадасы Акыйкат экенин жана Кыямат(тагы кайра тирилүү) болушунда шек жок экенин адамдар билсин деп (алардын сырын элге) билгиздик. (Кийин, алар дүйнөдөн кайтыш болуп кеткенде,) ошондо, адамдар алардын маселесин өз-ара талаш-тартышка айлантышып, (кээ бирөөлөрү): «Алардын үстүнө күмбөз кургула! Раббилери аларды(н улук адам экенин) билет” - (дешсе) алардын чоңдору: «Булардын (мүрзөсүнүн) үстүнө мечит курабыз» - дешти.

    18:21
  7. سَيَقُولُونَ ثَلَاثَةٌ رَابِعُهُمْ كَلْبُهُمْ وَيَقُولُونَ خَمْسَةٌ سَادِسُهُمْ كَلْبُهُمْ رَجْمًا بِالْغَيْبِ ۖ وَيَقُولُونَ سَبْعَةٌ وَثَامِنُهُمْ كَلْبُهُمْ ۚ قُلْ رَبِّي أَعْلَمُ بِعِدَّتِهِمْ مَا يَعْلَمُهُمْ إِلَّا قَلِيلٌ ۗ فَلَا تُمَارِ فِيهِمْ إِلَّا مِرَاءً ظَاهِرًا وَلَا تَسْتَفْتِ فِيهِمْ مِنْهُمْ أَحَدًا

    (Алардан бир жамаат): «Үчөө болгон, төртүнчүсү - ити» десе, башкалары: «бешөө болгон, алтынчысы - ити» деп кайыпка таш атышат. (Дагы бир топтору): «Жетөө болгон, сегизинчиси - ити» дешет. Айткын, (Оо, Мухаммад): «Алардын санагын Раббим эң жакшы билет жана аларды(н санын) аз гана кишилер билет». Сен алар(дын саны) жөнүндө талашпа, эгер талашчу болсоң, анык далилдер (вахий) менен гана талаш. Жана алар жөнүндө алардын (яхудилердин) эч биринен сураба.

    18:22
  8. وَلَا تَقُولَنَّ لِشَيْءٍ إِنِّي فَاعِلٌ ذَٰلِكَ غَدًا

    Эч качан бир нерсени «муну эртең жасаймын» дебегин.

    18:23
  9. إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ ۚ وَاذْكُرْ رَبَّكَ إِذَا نَسِيتَ وَقُلْ عَسَىٰ أَنْ يَهْدِيَنِ رَبِّي لِأَقْرَبَ مِنْ هَٰذَا رَشَدًا

    «Аллах кааласа» дегин жана унутуп калганыңда Раббиңди эстегин. Жана айткын: «Раббим мени мындан да туура жолго баштаса ажеп эмес!»

    18:24
  10. وَلَبِثُوا فِي كَهْفِهِمْ ثَلَاثَ مِائَةٍ سِنِينَ وَازْدَادُوا تِسْعًا

    Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл турушту жана тогузду кошушту. (Демек, бардыгы болуп үч жүз тогуз жыл укташкан).

    18:25
  11. قُلِ اللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا لَبِثُوا ۖ لَهُ غَيْبُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ أَبْصِرْ بِهِ وَأَسْمِعْ ۚ مَا لَهُمْ مِنْ دُونِهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا يُشْرِكُ فِي حُكْمِهِ أَحَدًا

    Айткын: «Канча турганын Аллах эң жакшы билет. (Себеби) асмандар менен жердеги кайып илимдери Анын Өзүнүкү. Ал – эң мыкты Көрүүчү жана эң мыкты Угуучу! Алар (үңкүр ээлери) үчүн Аллахтан башка дос-башчы болбоду жана Ал Өз өкүмүнө эч кимди шерик кылбайт.

    18:26

Котормо: Шамсуддин Хакимов