Сүрө 18 Кахф, аят 1 – 8
-
الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَنْزَلَ عَلَىٰ عَبْدِهِ الْكِتَابَ وَلَمْ يَجْعَلْ لَهُ عِوَجًا ۜ
Өзүнүн пендесине (Мухаммадга) Китеп (Куран) түшүргөнгө (Аллахка) мактоолор болсун! Ал анда (Куранда) акыйкаттан кылча да кыйшаюуга жол бербеди.
18:1 -
قَيِّمًا لِيُنْذِرَ بَأْسًا شَدِيدًا مِنْ لَدُنْهُ وَيُبَشِّرَ الْمُؤْمِنِينَ الَّذِينَ يَعْمَلُونَ الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ أَجْرًا حَسَنًا
(Тескерисинче) аны эң туура (китеп) сүрөтүндө (түшүрдү.) (Каапырларды) Өзүнүн алдындагы катуу азаптан коркутуш үчүн жана жакшы амал кылган момундарга эң мыкты сооптор (бейиш) бар экени жөнүндө куш кабар бериш үчүн.
18:2 -
مَاكِثِينَ فِيهِ أَبَدًا
Алар (момундар) анда түбөлүк калышат.
18:3 -
وَيُنْذِرَ الَّذِينَ قَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا
Жана «Аллахтын баласы бар» деген адамдарды (тозоктон кабар берип) коркутуш үчүн.
18:4 -
مَا لَهُمْ بِهِ مِنْ عِلْمٍ وَلَا لِآبَائِهِمْ ۚ كَبُرَتْ كَلِمَةً تَخْرُجُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ ۚ إِنْ يَقُولُونَ إِلَّا كَذِبًا
Ал (Аллах) жөнүндө алар (мушриктер) да, ата-бабалары да анык эч нерсе билишпейт. Ооздорунан чыккан (бул) сөз өтө опурталдуу! Алар жалганды гана сүйлөп жатышат.
18:5 -
فَلَعَلَّكَ بَاخِعٌ نَفْسَكَ عَلَىٰ آثَارِهِمْ إِنْ لَمْ يُؤْمِنُوا بِهَٰذَا الْحَدِيثِ أَسَفًا
(Оо, Мухаммад!) Эгер бул (ыйык) Сөзгө ыйман келтиришпесе, алардын артынан бушайман болуп өзүңдү өлтүрүп да алаарсың?!
18:6 -
إِنَّا جَعَلْنَا مَا عَلَى الْأَرْضِ زِينَةً لَهَا لِنَبْلُوَهُمْ أَيُّهُمْ أَحْسَنُ عَمَلًا
Биз алардын кимиси жакшыраак амал кылаар экен деп сынаш үчүн жер бетиндеги нерселерди жерге зыйнат-көрк кылдык.
18:7 -
وَإِنَّا لَجَاعِلُونَ مَا عَلَيْهَا صَعِيدًا جُرُزًا
Биз албетте жер бетиндеги нерселерди өлүк топуракка айлантып койобуз.
18:8
Котормо: Шамсуддин Хакимов