Сүрө 15 Хижр, аят 80 – 84
-
وَلَقَدْ كَذَّبَ أَصْحَابُ الْحِجْرِ الْمُرْسَلِينَ
«Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.
15:80 -
وَآتَيْنَاهُمْ آيَاتِنَا فَكَانُوا عَنْهَا مُعْرِضِينَ
Биз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту.
15:81 -
وَكَانُوا يَنْحِتُونَ مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا آمِنِينَ
Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн.
15:82 -
فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ مُصْبِحِينَ
Анан, аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты).
15:83 -
فَمَا أَغْنَىٰ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Жасаган нерселери аларга пайда берген жок!
15:84
Котормо: Шамсуддин Хакимов