Сүрө 12 Юсуф

  1. ارْجِعُوا إِلَىٰ أَبِيكُمْ فَقُولُوا يَا أَبَانَا إِنَّ ابْنَكَ سَرَقَ وَمَا شَهِدْنَا إِلَّا بِمَا عَلِمْنَا وَمَا كُنَّا لِلْغَيْبِ حَافِظِينَ

    А, силер болсо атаңарга баргыла дагы (мындай) дегиле: «Ата! Уулуң уурулук кылды. Биз билгенибизди гана айтып жатабыз биз кайыпты (келечекти) билүүчү эмеспиз. (Эгер келечекти билсек, сага жалдырап атып Биняминди алып кетпейт элек).

    12:81
  2. وَاسْأَلِ الْقَرْيَةَ الَّتِي كُنَّا فِيهَا وَالْعِيرَ الَّتِي أَقْبَلْنَا فِيهَا ۖ وَإِنَّا لَصَادِقُونَ

    (Эгер ишенбесең) Биз болгон шаардан жана биз келген кербендерден сура. Биз чын сүйлөп жатабыз».

    12:82
  3. قَالَ بَلْ سَوَّلَتْ لَكُمْ أَنْفُسُكُمْ أَمْرًا ۖ فَصَبْرٌ جَمِيلٌ ۖ عَسَى اللَّهُ أَنْ يَأْتِيَنِي بِهِمْ جَمِيعًا ۚ إِنَّهُ هُوَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ

    (Яькуб): «Напсиңер силерди (дагы бир) жаман ишке баштаган го! Жакшынакай сабыр кылуу(дан башка аргам жок!) Аллах баардыгын чогуу берип калса ажеп эмес! Чынында, Аллах - Билүүчү, Даанышман!» деди.

    12:83
  4. وَتَوَلَّىٰ عَنْهُمْ وَقَالَ يَا أَسَفَىٰ عَلَىٰ يُوسُفَ وَابْيَضَّتْ عَيْنَاهُ مِنَ الْحُزْنِ فَهُوَ كَظِيمٌ

    (Кийин) аларга далысын салып, айтты: «О, Юсуф байкушум!» Кайгы-кападан (көз жашы куюла берип) көздөрүнө ак түшүп кетти. Ал (бардыгьн) ичине жутат болчу.

    12:84
  5. قَالُوا تَاللَّهِ تَفْتَأُ تَذْكُرُ يُوسُفَ حَتَّىٰ تَكُونَ حَرَضًا أَوْ تَكُونَ مِنَ الْهَالِكِينَ

    (Балдары) айтты: «Аллахка ант! (ушул) Юсуфту эстей берип, өлгөнү калдыңыз же (жакында) өлүп каласыз!»

    12:85
  6. قَالَ إِنَّمَا أَشْكُو بَثِّي وَحُزْنِي إِلَى اللَّهِ وَأَعْلَمُ مِنَ اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

    (Яькуб): «Кайгы-капам менен арыз-муңумду Аллахка гана айтамын! Мен силер билбеген нерселерди Аллахтан (келген вахий аркылуу) билемин!» - деди.

    12:86
  7. يَا بَنِيَّ اذْهَبُوا فَتَحَسَّسُوا مِنْ يُوسُفَ وَأَخِيهِ وَلَا تَيْأَسُوا مِنْ رَوْحِ اللَّهِ ۖ إِنَّهُ لَا يَيْأَسُ مِنْ رَوْحِ اللَّهِ إِلَّا الْقَوْمُ الْكَافِرُونَ

    О, балдарым! Баргыла, Юсуф менен инисин издегиле! Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө! Аллахтын ырайымынан каапыр адамдар гана үмүтсүз болушат!

    12:87
  8. فَلَمَّا دَخَلُوا عَلَيْهِ قَالُوا يَا أَيُّهَا الْعَزِيزُ مَسَّنَا وَأَهْلَنَا الضُّرُّ وَجِئْنَا بِبِضَاعَةٍ مُزْجَاةٍ فَأَوْفِ لَنَا الْكَيْلَ وَتَصَدَّقْ عَلَيْنَا ۖ إِنَّ اللَّهَ يَجْزِي الْمُتَصَدِّقِينَ

    Алар (кайра Мисирге келип) Юсуфтун алдына киргенде (мындай) дешти: «О, урматтуу таксыр! Биз жана үй-бүлөбүз (баарыбыз) кыйналып калдык. Жана сага (бул ирет, болгон) биртике буюмдарды гана алып келдик. Бизге садака кылып, өлчөмдү толтуруп бер эми. Албетте, Аллах садака кылуучуларга сооп жазат!? (Юсуф агаларынын жүдөгөн абалдарына боору ооруп, өзүн таанытып, бир аз жемелеп,)

    12:88
  9. قَالَ هَلْ عَلِمْتُمْ مَا فَعَلْتُمْ بِيُوسُفَ وَأَخِيهِ إِذْ أَنْتُمْ جَاهِلُونَ

    (Мындай) деди: «Тээ наадандык жасаган кезиңерде, Юсуф менен анын инисине эмне кылганыңар эсиңердеби?»

    12:89
  10. قَالُوا أَإِنَّكَ لَأَنْتَ يُوسُفُ ۖ قَالَ أَنَا يُوسُفُ وَهَٰذَا أَخِي ۖ قَدْ مَنَّ اللَّهُ عَلَيْنَا ۖ إِنَّهُ مَنْ يَتَّقِ وَيَصْبِرْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ الْمُحْسِنِينَ

    «Сен (ошол) Юсуфсуңбу?!» - деди бардыгы (таң калып). «(Ооба) мен Юсуф боломун. А, бул болсо - иним. Аллах бизге ырайым көргөздү. Чынында, кимде-ким Аллахтан коркуп, сабырдуу болсо, Аллах жакшылык кылуучулардын сыйлыгын текке кетирбейт» - деди.

    12:90
  11. قَالُوا تَاللَّهِ لَقَدْ آثَرَكَ اللَّهُ عَلَيْنَا وَإِنْ كُنَّا لَخَاطِئِينَ

    (Анда) агалары: «Аллахка ант, Аллах сени бизден абзел-жогору кылды. Биз ката кылуучулардан болдук!» дешти.

    12:91
  12. قَالَ لَا تَثْرِيبَ عَلَيْكُمُ الْيَوْمَ ۖ يَغْفِرُ اللَّهُ لَكُمْ ۖ وَهُوَ أَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ

    (Юсуф) айтты: «Бүгүн силерди айыптамай жок. Силерди Аллахтын Өзү кечирсин! Ал - ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусу!

    12:92
  13. اذْهَبُوا بِقَمِيصِي هَٰذَا فَأَلْقُوهُ عَلَىٰ وَجْهِ أَبِي يَأْتِ بَصِيرًا وَأْتُونِي بِأَهْلِكُمْ أَجْمَعِينَ

    Менин бул көйнөгүмдү атама алпарып, бетине жапкыла - көзү ачылат. Анан (атам-апамды алып) баарыңар үй-бүлөңөр менен мага (кайтып) келгиле» - деди.

    12:93
  14. وَلَمَّا فَصَلَتِ الْعِيرُ قَالَ أَبُوهُمْ إِنِّي لَأَجِدُ رِيحَ يُوسُفَ ۖ لَوْلَا أَنْ تُفَنِّدُونِ

    Ал эми, качан кербен (Мисирден) козголоору менен, (Палестинада, туугандаынын арасында отурган) атасы: «Эгер (акылынан адашкан деп) үстүмөн күлбөсөңөр, мен Юсуфтун жытын сездим!» - деди.

    12:94
  15. قَالُوا تَاللَّهِ إِنَّكَ لَفِي ضَلَالِكَ الْقَدِيمِ

    «Аллахка ант, сен кадимки эле адашуучулугуңдасың!» дешти (анын жанындагылар).

    12:95
  16. فَلَمَّا أَنْ جَاءَ الْبَشِيرُ أَلْقَاهُ عَلَىٰ وَجْهِهِ فَارْتَدَّ بَصِيرًا ۖ قَالَ أَلَمْ أَقُلْ لَكُمْ إِنِّي أَعْلَمُ مِنَ اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

    Ал эми, качан сүйүнчүлөгөн адам (жетип) келип, аны (Юсуфтун көйнөгүн) анын бетине таштаганда, көзү мурунку абалына кайтып, көрүп калды (жана): «Силерге: «Мен Аллахтан (келген вахий себептүү) силер билбеген нерселерди билемин» дебедим беле?» - деди.

    12:96
  17. قَالُوا يَا أَبَانَا اسْتَغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا إِنَّا كُنَّا خَاطِئِينَ

    (Балдары) айтты: «О, атаке! Биздин күнөөбүздү(н кечирилишин) Аллахтан сураңыз. Чынында, биз ката кылуучулардан болдук!».

    12:97
  18. قَالَ سَوْفَ أَسْتَغْفِرُ لَكُمْ رَبِّي ۖ إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ

    (Яькуб) айтты: «Албетте силердин күнөөңөрдү кечирүүсүн Аллахтан сураймын! Аныгында, Ал Кечирүүчү, Ырайымдуу.

    12:98
  19. فَلَمَّا دَخَلُوا عَلَىٰ يُوسُفَ آوَىٰ إِلَيْهِ أَبَوَيْهِ وَقَالَ ادْخُلُوا مِصْرَ إِنْ شَاءَ اللَّهُ آمِنِينَ

    Юсуфка киришкенде, ата-энесин үйүнө түшүрүп: «Мисирге кош келдиңиздер! Аллах кааласа тынч келдиңиздер!» - деди

    12:99
  20. وَرَفَعَ أَبَوَيْهِ عَلَى الْعَرْشِ وَخَرُّوا لَهُ سُجَّدًا ۖ وَقَالَ يَا أَبَتِ هَٰذَا تَأْوِيلُ رُؤْيَايَ مِنْ قَبْلُ قَدْ جَعَلَهَا رَبِّي حَقًّا ۖ وَقَدْ أَحْسَنَ بِي إِذْ أَخْرَجَنِي مِنَ السِّجْنِ وَجَاءَ بِكُمْ مِنَ الْبَدْوِ مِنْ بَعْدِ أَنْ نَزَغَ الشَّيْطَانُ بَيْنِي وَبَيْنَ إِخْوَتِي ۚ إِنَّ رَبِّي لَطِيفٌ لِمَا يَشَاءُ ۚ إِنَّهُ هُوَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ

    жана ата-энесин (жетелеп падышалык) тактыга алып барды. (Ошондо) бардыгы ага сажда (таазим) кылып жыгылышты. (Анда Юсуф): «О, атаке! Бул менин мурунку (балалыгымдагы) түшүмдүн мааниси. Раббим ал түшүмдү акыйкатка айлантты. Ал мени зындандан чыгарганда, силерди ээн чөлдөн (аман-эсен) алып келгенде жана шайтан мени менен агаларымдын арасын бузгандан кийинки кездерде мага (чоң) ихсан-жакшылык кылды. Чынында, Раббим каалаган ишти кылдаттык менен иш жүзүнө ашырып коюучу! Чынында, Ал - Билүүчү, Даанышман!

    12:100

Котормо: Шамсуддин Хакимов